Menu

УКМКнын 9-кызматынын кызматкери, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев коопсуздук органдарынан бошотулду

Бөлүшүү:

КР УКМК өздүк коопсуздук кызматы тарабынан мекеменин кызматкери Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Июль айында Канат Сагымбаев кайтаруудагы объект Кыргызстанда жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага толук эмес кызматтык шайкештик жарыяланган.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында КР УКМК ички Инструкциясына карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган.

Жогоруда айтылган кызматтык териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Канат Сагымбаев “Кызматтык дал келбестик” беренесинин негизинде коопсуздук органдарынан бошотулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: