Menu

Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкекте борбор калаанын көчөлөрүн оңдоо учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырган.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Өкмөт башчынын тапшырмасын аткаруу максатында жол кыймылынын убактылуу каттамдарын аныктоо жана шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу иштерин ыкчам түрдө жүргүзүү зарыл. Мындан тышкары унаалар жыш жерлерде борбордук көчөлөрдү оңдоодон улам түзүлгөн ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн жол кыймылын жөнгө салуунун жана өз убагында мониторинг жүргүзүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү шаардагы жол кыймылынын жагдайы тууралуу маалымат беришип, келип чыккан маселелерди чечүүнүн бир катар чараларын сунушташты. Анын ичинде Токтогул көчөсү боюнча тиешелүү жол белгилерин, анын ичинде бул көчөдө унаа токтотууга тыюу салган белгини орнотуу менен убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу сунушталды.

Жеңиш Разаков тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнгө салынган жана ыкчам иштерди камсыздоого тийиштүү бир катар тапшырмаларды берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана унаа ээлери менен жөө жүрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жол инфратүзүмүн өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: