Орусиянын улуттук банкы 2019-жылдын жарым жылдыгында Өзбекстандын жарандары өлкөсүнө 2миллиард доллар которгонун маалымдады.
Расмий кабарга таянсак 2018-жылга караганда 200 миллион долларга көбөйгөн. Өткөн жылдын биринчи жарымында Өзбекстанга 1 миллиард 800 миллион доллар которулган.
Өзбекстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусиядан акча которуу боюнча алдыда турат. Экинчи орунда Тажикстан (1,1 млрд долларов) жана Кыргызстан(935 млн долларов).
Гайдар иститутунун жана Орусиянын улуттук экономика академиясынын отчетуна таянсак 3 жыл ичинде Орусияга келген Өзбекстандык эмгек мигранттарынын саны көбөйгөн.
Эгер 2017-жылы Орусияда 1 миллион 900 миң өзбекстандык болсо, 2018-жылы 2 миллионду түзгөн. Ал эми 2019-жылдын июль айындагы маалыматты карасак 2 миллион 100 миңге жеткен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ