Menu

Сооронбай Жээнбеков, КРнын президенти: “Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети дагы бирден-бир коррупциялашкан органга айланды. Силерге да жетебиз…”

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын

Президенти С.Ш.Жээнбековго

Көчүрмөлөрү:

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

М.Д.Абылгазиевге,

Кыргыз Реслубликасынын

Коопсуздук Кеңешинин катчысы

Д.К. Сагынбаевге

                                                   Кайрылуу

Сиздерге кайрылып жаткандыгымдын себеби төмөндөгүдөй: Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан коррупцияны жоюу боюнча жасалып жаткан иштерди жалпы кыргыз эли колдойт деп ишенем. Кызмат абалын кыянат пайдаланып эл ырыскысына кол салган кайсы гана чиновник болбосун адилет жазага тартылууга тийиш! Андай болбогон учурда мамлекеттик бийликтин кадыры солгундап кете берет…

Мен да мамлекеттик кызматтарда эмгектенген 40 жылдан ашык өмүрүмдө жемкорлук, эки жүздүүлүк, кызматты өз кызыкчылыгына кыянат пайдаланган абийирсиз адамдар менен талыкпай күрөш жүргүзүп келдим. Бирок, көпчүлүк учурда колдоо таппай, уюшкан коррупционерлердин кысымына дуушар болом.

Бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекцияны жетектеп жаткан Жолдош Жунушев дагы билими тайкы, иш-тажрыйбасы жок коррупционер жетекчилердин катарына кирет. “Аю” базарынан келип креслого отураар замат калыптанып бараткан мекемеде башаламандык жаратыш үчүн коллективди атайылап үч-төрт топко бөлүп, чабыштыруу “саясатын” баштады. Көрсө, мындай “чалмакей” интрига Ж. Жунушевге жеке кызыкчылыгы үчүн ыңгайлуу экен. Өз ишине тың бирок, сылык айтканда “рахмат” айтууну билбеген жетекчилерди кызматтан кетирип, бош орундарга кадимкидей эле “аукцион” өткөрүп баштады. Натыйжасында, Ж. Жунушевдин гана “көңүлүн” тапкан, “рахмат” айтуунун миң бир түрүн өздөштүргөн шылуундар үлкөн кызмат орундарын ээлеп калышты. Билим, иш-тажрыйба, жетекчилик-уюштуруучулук деген талаптар анын үч уктаса түшүндө жок. Жада калса мамэкотехинспекциядагы жумасына бир жолу өтүүчү планерканы да өткөрбөйт. Айланасына апендинин кызындай мактаган өз деңгээлиндеги жалаң аферист, интриган, коррупционерлерди чогултуп, мамлекеттик кызматтын эл алдындагы аброюн айрандай төгүп жатат. Сырткы инвесторлордон “шыралга” доолап, бербегендердин үстүнөн жалган жалаа доголо карыздарды жаздырып, ак ниет инвесторлорду өлкөдөн кетүүгө мажбурлап, мамлекетке экономикалык диверсия уюштуруп Мамэкотехинспекцияны талкалоо стадиясына кептеди. Мекемеде “Этика” комиссиясын, “Коррупция” бөлүмүн түзүп, ал жерге жалаң өзүнүн тапшырмасын кыңк этпей аткарып,тиешелүү чечим чыгарып бере турган жасоолдорду топтоп, “карательный органга айландырды. Тартип комиссиясына басым жасоо аркылуу көптөгөн таза, билимдүү жана тажрыйбалуу кызматкерлерди айдап тынды. Мисалы, Мамэкотехинспекция уюшулган 2012-жылдан бери талыкпай ак ниет эмгектенип келген статс-секретарь Таалай Асылбековду ачык да,тымызын да куугунтукка алып, өзү менен кошо ала келген Темирлан Ажималиев деген интригандын (бул адам 2010-жылдагы Апрель революциясына чейинки Өкмөт башчы Данияр Усеновдун жардамчысы болгон жана аны менен чогуу өлкөдөн качып кетип, кийин кайтып келген) жардамы менен кызматтан кетүүгө мажбур кылды. Кыргыз мамлекетине 40 жылдай маңдай тер төгүп иштеген инсан. Адам ресурстарын башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Самат Керимкуловду жалган жалаа менен куугунтуктап келет. Анын артынан кайра-кайра көзөмөл коюп, “Фейсбук” баракчасына бир канча жолу жамандап жаздыртып, коррупция бөлүмү аркылуу коркутуп каматаарын, шерменде кылаарын айтканда аталган башкармалыкта эмгектенген 4 балалуу кызматкер аял муунуп, асылып өлөөрүн айтып чыкты. Жалган жалаа кийин далилденип, кадр кызматы эмес жетекчилик өзү күнөөлүү экендиги аныкталды. Эгерде мыйзамсыз кордукка, ызасына чыдабаган 4 балалуу аял муунуп өлүп алса эмне болот эле?!. Буга окшогон фактыларды тизмектей берсе түгөнбөйт. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынан конкурстук жол менен тиешелүү тесттен өтүп келген ондогон адистерди, Мамлекеттик Улуттук кадр резервинде турган кызматкерлерди албастан сабатсыз өң-тааныштарын кызматка коёт. Бул аракетин “партиядан тапшырма” дегенге шылтоолоп, өзү менен кошо иштегендерди эң жооптуу кызмат болуп саналган Мамлекеттик инспекциянын инспекторлугуна дайындап жатат. Бул Мамэкотехинспекциянын аброюн түшүрүп, ар кандай коррупциялык элементтердин көбөйүшүнө шарт түзүүдө.

Тактап айтканда, Мамлекеттик кадр резервинен статс-секретарь болуп келген Кутман Өмүрзаковду кабыл албай коюп, ал кайрадан конкурс аркылуу өтүп келди. Бирок директор Ж. Жунушев менен “помощниги” Т. Ажималиев жаңы келген жетекчиге эмгек шартын түзүп бергендин ордуна артынан ушактарды таркатып, ага иш-кагаздарга кол койдурбоо менен гана алектенишет. Директордун орун басарлык кызматына жаңы дайындалып келген Ш. Нарбековгода К. Өмүрзаковго жасаган мамилени жасап,Өкмөттүн буйругун катып-бекитип, Ш. Нарбековду коллективге тааныштырбай коюшкан. Ал кишинин тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн иштин кызыкчылыгына пайдаланбай далдоого кармап отурат. Ал эми Мамлекеттик экотехинспекциянын Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча башкармалыктын башчысы А. Элемановдуузак убакыттан бери эч негизсиз куугунтуктап, Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынан анын үстүнөн анонимдүү арыздарды уюштуруп, ал жерде жайгашкан “Казминералс-Бозумчак” ишканасына мыйзамсыз текшерүүлөрдү дайындап, келе жатат.

Директордун максаты А. Элемановду кызматтан алып, анын ордуна “өз” кишисин отургузуу! Себеби, А. Элеманов чындыкты бетине айтып, ага “салык” төлөп туруудан баш тарткандыгында болуп жатат. Кандай жол менен болсо да аны кызматтан кетирүүнү көздөп этика, тартип комиссияларын мажбурлоо менен 2 ирет мыйзамсыз тартиптик жаза колдонуп, сөгүш жана катуу сөгүш жарыялады. Натыйжасында, 1,5 жылдан бери аймактык башкармалыктын иши ырааттуу жүрбөй, Мамлекеттик кызматтын кадыры кетип, ак ниет иштеп жаткан инвестор Мамэкотехинспекция менен соттошуудан башы чыкпай калды. Анысы аз келгенсип жергиликтүү элди чет элдик инвесторго каршы тукуруп, жаңжал чыгуу коркунучу пайда болуптурат. Эртедир-кечтир Солтон-Сарыдагы окуя Шамалды-Сайда кайталанбайт, – деп эч ким кепилдик бере албайт. Акчанын артынан аңга томолонгон Ж. Жунушевдин “алкымынын” айынан бейкүнөө инвестор чыгымтартып, адамдар жапа чегип калышы толук ыктымал!

А. Элеманов директор Ж. Жунушевдин мыйзамсыз аракеттерин, өзүнө карата болуп жаткан куугунтукту ынанымдуу фактылар менен далилдеп Сизге, Коопсуздук Кеңешине, Башкы прокурорго арыз менен кайрылган. Анын арызы УКМК тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине № 03-150-2019-000030 саны менен катталган жазык иши боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында текшерилип жатканы менен майнаптуу жыйынтык чыгаары да күмөн болуп турат.

Мындан сырткары, 40 жылдан ашуун мамлекетке, элге кызмат кылып келаткан, бүгүнкү күндө Мамэкотехинспекцияда эмгектенген 20дан ашуун мамлекеттик тажрыйбалуу, кесипкөй инспекторлорду (Курманбек Шекеков, Эрнст Умаров, Махмуджан Вахапов, Клим Турдалиев, Жолоочу Бейшембиев ж.б.) КРнын Конституциясынын, Эмгек кодексинин, Мамлекеттик кызмат мыйзамынын талаптарын одоно бузуп, 65 жашка чыгып пенсия курагына келип калдыңар, кетпейсиңерби, – деп куугунтуктап, намысын тебелеп бардыгын буйрук менен эч кандай сый-урматы жок айдайм деген жорукту баштады. Ал эми “улгайган” кызматкерлер өз укуктарын мыйзам чегинде коргоо үчүн бардык кадамдарга барып, анын ичинде Конституциялык палатага, Омбудсменге, Профсоюздар Федерациясына кайрылып жана нааразылык митингин өткөрүүнү пландап жатышат. Эми, мен жетектеп турган Радиациялык жана ядролук коопсуздук башкармалыгынын жоюп, бошогон кызмат орундарга өзүнүн тааныштарын коюуну көздөп жатат.

Мени кызматтан кетирүү үчүн жасап жаткан адамгерчиликсиздигин, эки жүздүүлүгүн төмөндөгү факты айкын далилдеп турат. Элине ак эмгегин аянбастан кызмат кылып жаткан азыркы Премьер-министр М. Абылгазиевди мага жакын тууган кылып көрсөтүп, жанагы Т. Ажималиев жана Ж. Жолдошева деген езү менен кошо ала келген кошоматчылары аркылуу ар кайсы сайттарга чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып жатат. Алардын коомчулукка таркатып жаткандарына ишенсек, М. Абылгазиев мени (жакын тууганын) кызматка коюп, крышовать этип жүрөт имиш. Премьер М.Абылгазиевдин командасында иштеп жатып ушунчалык пастыкка, эки жүздүүлүккө барып жатканына таң калам…

Мен Кочкордун Теңдик айылынан болом. Премьерге эмес, Турдакун Усубалиевичке тууган инилеринен болом. Тактап айтканда, Сарбагыш Дөөлөткулдун балдарыбыз. Ал эми М. Абылгазиев Дөң-Алыш айлынан, моңолдор уруусунан. Муну мен интригадан айлам куруп, чарчагандыктан айтып жтам. Мен Кочкордо туулул калганга күнөөлүүмүнбү? Эгер фактыларга таяна турган болсок, азыркы Өкмөт башчысы мектепте окуп жүргөндө, мен Премьер-министр Насирдин Исановдун учурундагы Жеңил өнөр жай министринин курулуш боюнча орун басары кызматында иштегем (резюмени кошо жөнөтөм). Өмүрүмдө кандай ийгиликтерге жетишкен болсом өзүмдүн ак эмгегим, бешене терим менен жеттим. Акты ак, караны кара деп бетке айткан мүнөзүм үчүн өзүм жапа тарттым. Ж. Жунушевди да уктатпай, мени кетирем деп жатканынын себеби чындыкты бетине айтып, анын мыйзамсыз тапшырмаларын аткарбай койгондугумда болуп жатат…

Кыскартып айтканда, Мамэкотехинслекциядагы бүгүнкү абалга мышык ыйлайт. Мамлекеттик инспекторлор интриганын айынан өз милдеттерин аткарууга кош көңүл абалда болуп, мамлекеттик кызмат аксап турат. Арызда келтирген фактылар Жунушевдин мыйзамсыз жоруктарынын ондон бири гана. Эгерде мени жеке кабыл алууга мүмкүнчүлүгүңүздөр болсо тиешелүү документтердин негизинде директор Ж. Жунушевдин коррупциялык, ж.б. мыйзамсыз аракеттерин далилдеп берүүгө даярмын! Директор Ж. Жунушевдин мындай мыйзамсыз, коррупциялык өзүм билемдик кылык-жоруктары Сиздерге түз кайрылууга аргасыз кылды. Үстүбүздөгү жылдын 30-январында Президентибиз С. Ш. Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында “Кыргызстандагы эң коррупциялашкан мамлекеттик орган – бул Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция. Саясий органга айланып, өзүңөрдүн кызматкерлердин гана кызыкчылыгын коргойсуңар. 1600 текшерүү жүргүзүп, эч кандай жыйынтык чыгарган эмессиңер. Коррупциялык схема түзүп алгансыңар, силерге да жетебиз ” – деп адилет баа берген эле.

Мамэкотехникалык инспекциядагы коррупцияны жоюш үчүн бул базарчыларды кызматтан алып, анык кесипкөй жетекчини тандап-таап койбосоңуздар, бул мамлекеттик структура базарга айланып калды. Мамлекетке, экологияга, элибиздин өмүрүнө келип жаткан коркунучтун жана саясий-экономикалык диверсиянын алдын алып токтотпосоңуздар болбойт! Андыктан Ж. Жунушевдин Мамэкотехинспекцияга жетекчилик кылган 1,5 жыл ичиндеги ишмердүүлүгүн талдап, мыйзамсыз иш-аракеттерин коомчулукка ашкерелеп, анын кызмат ордуна татыктуулугун карап, мыйзам чегинде чара колдонууңуздарды суранам.

Марат Абдымажимович Исаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Радиациялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы, Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси

 Булак: “Жаңы Ордо”                                                

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: