Menu

“Путинди Кремлден кубалап чыгам” деген шаман соттоло турган болду

Бөлүшүү:

“Путинди бийликтен алып түшөм” деп Кремлди көздөй жөө бараткан 51 жаштагы Якутиялык шаман Александр Габышев сегиз айдан бери дүйнөгө дүң болуп аткан. Ал камакка алынып, учурда тергөө иши жүрүүдө.

Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыкты. Алардын айтымында, Иркутск облусундагы Выдрино айылында шамандын алачыгына беттерин чүмбөттөгөн бир топ адамдар келип, Габышевди күч менен алып кетишкен. Анын кайда экенин билбей жаткан жакындары, тарапташтары тынчсызданып, журналисттерге даттанган. Шаман кечээ жакындарына байланышкан. Ал бүгүн (21-сентябрда) ооруканага жатаарын билдирип, “саясий түзүлүштү кулатууга аракет кылганы үчүн” соттошорун, алдыда тергөө, сот иштери турганын айтып, пикетке чыкпай, тынч турулаарын суранган. Ошентсе да аны колдогон активисттер Габышевге коркутуулар болушу ыктымалдыгын айтып, пикетке чыгаарын айтышууда…
Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: