Menu

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекованы Курманжан даткага теңеп, үй белек кылган ким?

Бөлүшүү:

Нур-Султан шаарында өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль тагынып, Дүйнө чемпиону болуп, алтын тамга менен тарыхка аты жазылып калган Айсулуу Тыныбекова Бишкектен үйлүү болду. Аны «ТС Групп Строй» курулуш компаниясынын жетекчиси Алмаз Тиленов белек кылды.

Ал Айсулуу Тыныбекованын жеңишин “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу куттуктап, үй белек кылганын жазды. “Үй-бүлөмдүн жана биздин курулуш компаниянын атынан сизге жаңы салынып жаткан «Сулайман Тоо» турак жайынан бир бөлмөлүү батирди берели деп чечтик. Биздин белегибизди жана куттуктообузду кабыл алып коюңуз! Сиз Курманжан Датка, Таттыбүбү Турсунбаева, Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эң мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс из калтырдыңыз! Жеңишиңиз кут болсун! Дайыма Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, жалаң жеңиштин үстүндө жүрүшүңүздү каалайбыз!”,-деп жазган Алмаз Тиленов.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-сентябрда Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча мелдеште 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жеткен. Жетине албай президентибиз Сооронбай Жээнбеков да телефон аркылуу куттуктаган.

Жайнагүл ТАЛКАНБЕКОВА

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: