Menu

Фото – Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов таанышуу сапары менен Эдинбург шаарына барды

Бөлүшүү:

18-19-сентябрда Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк  Ирландиядагы  Элчиси  Эдил Байсалов таанышуу  сапары менен Эдинбург шаарына барды.

Сапардын алкагында Шотландия Парламентинин Вице-спикери Кристин Грахам, Эдинбург шаарынын мэри Франк Росс жана Өкмөттүн Тышкы иштер боюнча бөлүм башчысы Клер Тинте-Ирвин менен расмий жолугушууларды өткөрүп, учурдагы кыргыз-британия мамилелеринин учурдагы абалы жөнүндө айтып берди  жана Шотландия менен кызматташуунун дараметтүү багыттары боюнча пикир алмашты. Улуу Британиядагы Элчиси парламенттин сыйлуу коногу катары жума сайын өтчү Шотландиянын Биринчи Министри Никола Стержен айым катышкан парламенттин жыйынына да күбө болду.

Шотландиянын илимий потенциалы менен таанышуу үчүн Э. Байсалов Эдинбург доктурларынын Королдук Коллегиясына барды.  Бул коом 1506-жылы түзүлүп, медициналык агартуу жана дарыгерлердин кесиптик стандартарын жогорулатуу боюнча иш алып барат.

Маалымат үчүн: Шотландиянын баш калаасы Эдинбург шаары өнөр-жай, маданият жана илимдин ири борбору. Акыркы бир нече кылым Бириккен Королдугунун бирдиктүү курамына кирсе да Шотландия 1999-жылдан бери кеңири өзүн өзү башкаруу боюнча бийлик укуктарына ээ. Өзүнүн улуттук парламенти жана өкмөтү айрым Лондонго тийиштүү маселелер (мисалы, коргонуу, макроэкономика жана миграция) тышкары башка тармактар боюнча өз алдынча мыйзам чыгарып, саясатын жүргүзө алышат. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: