19-сентябрда Будапешт шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин формалдуу эмес жыйынына катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушту.
Жолугушууда тышкы саясий ведомстволордун башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Венгрияга боло турган жооп иретиндеги расмий сапарын даярдоону талкуулашты, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын 2018-жылы Кыргызстанга жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун 2019-жылдын май айында Венгрияга болгон расмий сапарларынын жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты.
Сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кооперацияны жандандыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Ушуга байланыштуу, тараптар 2019-жылдын 23-24-сентябрында Бишкек шаарында өтө турган экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-венгер комиссиясынын биринчи жыйынын өткөрүү Кыргызстан менен Венгриянын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн шарттарды түзөрүнө жана кошумча импульс берээрине ишеним билдиришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ