Menu

Премьер-министр үй-бүлөсү менен гүл бакчага барып, бак отургузду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-сентябрда, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүндө, Кыргызпатент “Ынтымак” сейил багында  “Мамлекеттик тил үчүн чуркоого мезгил жетти!” аттуу спорттук иш-чара өткөрдү. Иш-чарага Кыргызпатенттин, Мамлекеттик тил комиссиянын, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын кызматкерлери жана Өкмөттүн Аппаратынын өкүлдөрү катышты. Премьер-министр М.Абылгазиев аталган сейил бакчага үй-бүлѳсү менен барып, бак отургузду. Аны менен катар ал мамлекеттик тилдин мааниси жѳнүндѳ кайрылуу жасады. Эне тилибиздин ыйыктыгын, аны кастарлоону жана Кыргызстандагы ар бир жаран мамлекеттик тилди билүүсү керектигин баса белгиледи.

Иш-чаранын алкагында, мамлекеттик тилди ѳнүктүрүүгѳ жана тил саясатын ѳркүндѳтүүгѳ кошкон зор салымы үчүн Кыргызпатенттин тѳрайымы Динара Молдошева Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” тѳш белгиси менен  жана анын бир топ кызматкерлери да сыйлыктар менен сыйланды. Ошондой эле алар жѳѳ жарыш (чуркоо-марафон), элдик ырлар жана  улуттук оюндар боюнча сынактарга катышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: