Menu

БУУнун Башкы Ассамблеясынын дебаттарына катышуу үчүн кыргыз делегациясы Нью-Йоркко учуп кетти

Бөлүшүү:

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн 2019-жылдын 21-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын Нью-Йорк шаарына сапары болот. Бул тууралу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын алкагында ар кандай мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчылары, анын ичинде, БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш менен бир катар  эки тараптуу жолугушуулар пландалууда. Ошону менен бирге, БУУ БАнын 74-сессиясынын талаасында эки тараптуу документтерге, анын ичинде дипломатиялык мамилелерди түзүү боюнча коммюникеге кол коюу пландалууда.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысынын өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө БУУ БАнын 74-сессиясынын жалпы дебаттарына чыгып сүйлөөсү пландалган. КР ТИМ башчысы дүйнөлүк коомчулукка өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык турмушунда болгон маанилүү өзгөрүүлөр, ошондой эле  жүргүзүлүп жаткан реформалар жана Кыргызстанды өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттар жөнүндө маалымат берет.

Мындан тышкары, Министр Ч.Айдарбеков БУУ, ЖККУ, ИКУ, Азиядагы кызматташтык боюнча диалог (ДСА), Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишенимдин ченемдери боюнча кеңешмеси (СВМДА) жана башка уюмдардын көп тараптуу иш-чараларына катышат.

Кыргыз Республикасы мурдагы уран казып чыгаруу ишмердүүлүгүнө байланыштуу коркунучтарга арналган жогорку деңгээлдеги иш-чараны кошумча өткөрөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: