Menu

Азимбек Бекназаров: Унчукпай коюуга укугум жок – 4

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын элине,

Кыргыз Республикасынын

Президенти Сооронбай Жээнбековго

Урматтуу кыргыз элим, Урматтуу Президент! Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына, Мамлекеттик тилине, чек арасына, кен-байлыктарына байланыштуу тарыхый-саясый зор мааниси бар айрымдары архивдик документтерге айланган саясый жана эң жогорку күчкө ээ укуктук документтерге таянып, адатымча унчукпай коё албадым:

1. “… 1989-жылдын 22-сентябры… 11-чакырылыштагы Кыргыз ССР Жогорку Советинин кезексиз сессиясы… Күн тартибинде Кыргыз ССРнин Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзам долбоору… Докладчы Кыргызстан Компартиясынын БКнын секретары М. Шеримкулов. Ал: “Кыргыз ССРнин Мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзам долбоору 1989-жылдын 18-августунда элдик талкууга чыгарылганын… КПСС БКнын платформасына туура келерин, элден түшкөн сунуштар менен мыйзам долбоору жаңыланганын” — депутаттарга айтат. Анан орус тилинде “… часть население совершенно правильно понимает, язык того народа, который дает названия республики должен быть государственным” — деп орус тилдүү депутаттарга түшүндүрөт. Сессияда аталган мыйзам кабыл алынып, “23-сентябрь Кыргыз ССРнин Мамлекеттик тил күнү” — деп жарыяланат.

Ошондон бери быйыл туптуура 30 жыл өтүптүр. Жыл сайын белгиленип келет. Кыргызстандын эгемендиги качан башталган? — деген суроого мен дал ошол эне тилибизди Мамлекеттик тил катары мыйзам деңгээлинде кабыл алынган күн 1989-жылдын 23-сентябрында, башында А. Масалиев турган Компартиянын доорунда башталган деп айтаар элем. Ар бир өзүн сыйлаган эл, инсан өз эне тилинин Мамлекеттик тил статусуна ээ болушуна сыймыктанышы керек. “Эне тилин билбеген кул” — деп элибизде бекеринен айтылбаса керек. Бирок тилекке каршы, андан бери 30 жыл өтсө да кыргыз тили Мамлекеттик тилге айланган жок.

Компартиянын ордуна бийликке келишкен, башында А. Акаев турган коммунист-демократтар, реформаторлор, эгемендүүлүктүн алгач жылдарында кыргыз тилинин Мамлекеттик тил статусунда болгонун активдүү колдошкону менен кийинчерээк кетенчиктеп, ал мыйзамды өнүктүрүшкөн, аткарган жок. Мамлекеттик иш кагаздар, Конституция, мыйзамдарга чейин оболу орус тилинде даярдалып, анан формалдуу Мамлекеттик тилге которулары өнөкөткө айланса, эгемендик доордо Өкмөт башчыларынын дээрлик көпчүлүгү Мамлекеттик тилди билбеген, сыйлабаган орус тилдүүлөр болушту.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талабы бузулуп, Мамлекеттик тилди билбеген инсандар, мамлекеттик бийликти ээлеп жүрүшөт. Буга ким күнөөлүү? Албетте 2-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жана президент А. Акаев күнөөлүү. Президент А. Акаевдин демилгеси менен депутаттар Т. Усубалиев, Ө. Текебаевдин авторлугунда 2000-жылы Конституциянын 5-статьясына орус тили Мамлекеттик тил менен катар эле “расмий тил” деген ат менен өзгөртүү киргизилип, болгону үч депутат каршы калганы колдоп беришкен. Ошондон бери орус тили кайрадан мамлекеттик тилге айланып, кыргыз тилинин өнүгүшүнө кедергисин тийгизип, эне тилибиз турмуш-тиричилик тилдин абалында калды. Борборубуздагы бала бакчаларда, башталгыч орто мектептерде, ЖОЖдо Мамлекеттик тил унутулуп баратат десек да болот. Бүгүн орус, түрк, кытай жана башка тилдеги заманбап жеке менчик бала бакчалар, мектептер көбөйүп, кыргыздар аргасыз балдарын ошол жерлерге окутууда. Эмне дегенде Кыргыз бийлиги Мамлекеттик тилдеги бала бакча, мектеп, ЖОЖго мамлекеттик деңгээлде көңүл бурган жок. Бишкектеги көрнөк-жарнактарды карап туруп, Биз кайсыл мамлекетте жашайбыз?- деп түшүнбөй кетесиң. Россиянын бир областы дейин десең, кытай, корей, араб, түрк тилиндеги көрнөк-жарнактар орус тилиндеги көрнөк-жарнактардан кем калышпайт.

Оруска караганыбызга 200 жыл да боло элек. Илгери орустар Кыргыз жерине алгач келгенде жериңе, сууңа, каада-салтыңа ээсиң деген. Бирок тез эле орус-тузем (кыргыздарды тузем деп атаган) мектептерин ачып, ал жерлерде келечектеги киргиздерди окутуп, кыргыздарды орусташтырууну баштаган. Кыргыз-түрк, кыргыз-славян, кыргыз-кытай жана башка аралашма аттар менен иштеп жаткан менчик бала бакча, мектеп, ЖОЖ, фирма, НПО, ишканалар ошол мындан 150–170 жыл мурда Орус империясы кыргыздарды орусташтыруу үчүн ачкан орус-тузем мектептеринин азыркы доордогу заманбап түрү. Ээси, бийлиги жоктой кыргыздарды, кыргыз мамлекетин орусташтыруу, кытайлаштыруу, түрктөштүрүүнүн, арабдаштыруунун, аны жер, суусуна, кен-байлыктарына ээ кылбоонун заманбап жолу. Ушуларды аңдап билбесек, эмнебиз эгемендүү да, эмнебиз көз карандысызбыз! Кайда Улуттук Илимдер Академиясы, кайда улуттун интелегенциясы?

Урматтуу кыргыз калкым! Мен сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен Улутчул Мекенчил Күчтөрдүн Биримдигинин атынан куттуктайм!

2. 1991-жыл 31-август. 12-чакырылыштагы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин кезексиз 6-сессиясы. Күн тартибиндеги маселелердин бири Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны кабыл алуу…

“… Депутат Чыналиев: “… Украинанын көз карандысыздыгын таануу үчүн оболу биз өзүбүз көз карандысыз мамлекет жөнүндөгү Декларацияны кабыл алышыбыз керек…”

Депутат Б. Ааматов: “Көз карандысыздык жөнүндөгү Декларацияны тезинен албасак дагы эң артта калганы турабыз. Өзүбүз көз карандысыз болбосок бизди ким эгемен мамлекет катары тааныйт… ” деп Декларациянын долбоорун тийиштүү комиссия иштеп чыгуусун сунуштайт.

Ошол күнү Жогорку Совет Кыргызстандын көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларацияны кабыл алып, “31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү” — деп жарыяланат. Кыргыз ССРнин Эмгек Кодексине 31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү катары майрам күн деп киргизилет.

Бул Декларациянын тезинен кабыл алынышына 1991-жылдын 19–21-августунда ошондогу Борбордук бийликтин башчылары (СССРдин вице-президенти Г. Янаев, СССР Жогорку Советинин төрагасы А. Лукьянов) башында туруп, уюштурган ГК ЧПдан кийин, Союздук республикалар СССР деген мамлекетти эгемендүү республикалардын Союзу кылып кайра түзүү жетишсиз экенин түшүнүшүп, Прибалтика республикалары сыяктуу эле өздөрүнүн көз карандысыздыгын жарыялашкан. Россиянын президенти Б. Ельциндин катуу тургандыгынан “путчистер” жеңилген. Ошондон кийин оболу үч славян республикаларынын Президенттери Б. Ельцин (Россия), Л. Кравчук (Украина), С. Шушкевич (Белоруссия) Белоруссияда (Беловежскийде) 1991-жылдын 8-декабрында көз карандысыз мамлекеттердин жаңы Союзун (СНГны) түзүп, СССРди биротоло жок кылышкан. Андан соң ага 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Ата шаарында Казакстан, Кыргызстан жана башка республикалардын Президенттери кол коюшуп, азыр биз айтып жүргөн Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ орусчасы СНГ) биротоло түзүлгөн. Эгерде 19–21-августтагы “путчь” болбогондо Эгемен Республикалардын Союзу түзүлмөк, биз Кыргызстан БУУнун мүчөсү боло алмак эмеспиз. Коргоо, Бажы, Прокуратура, КГБ жана башкалар Борбордо болмок.

Көз карандысыздык менен эгемендиктин Кыргызстанда айырмасы жоктой болуп, 31-августту “Эгемендик күнү менен” — деп майрамдап калганыбызга кайрадан эле президент Акаев күнөөлүү. Анткени, ал өзүнүн “Памятное десятилетие” деген китебинде “… 31 августа 1991 года наш республиканский парламент принял Декларация о государственном суверенитете Республики Кыргызстан” — деп туура эмес жазган. Ошондон улам суверенитет (эгемендүүлүк) жөнүндө көбүрөөк айтылып, көз карандысыздык (независимость) унутта калган.

Бул күн, 23-сентябрь сыяктуу эле кыргыздар үчүн анын мамлекети, келечеги үчүн өзгөчө зор тарыхый-саясый мааниси бар майрамдардын майрамы боло турган улуу күн. Кыргыз кайра жаралып, эч кимди ээрчибей, туурабай, эч кимге жүгүнбөй, бүгүлбөй, өз жолубузду улуттук ар-намыс менен туура аныктап, таап, алга өнүгүүгө кадам шилтеген күн!

Тилекке каршы бул улуу күнүбүз да эне-тилибиз сыяктуу эле жөн гана формалдуу белгиленип келет. 28 жыл ичинде кыргыз- кыргыз болуп кайра жаралбады. Киргиздер киргиз бойдон калып, жумушсуздуктун айынан жарым миллион кыргыз да Россияда киргиз болуп жүрүшөт. Ал жакта алардын балдары эч качан кыргыз болушпайт. Көптөрүбүз өзүн мусулманмын деп эсептеп чындыгында арабдын, палестиналыктардын кебете-кепширин, кийим-кечесине чейин туурап жүрөбүз. Кытай, корейди ээрчигенибиз канча?..

Демократия, либерализм, адам укугу, гендердик саясат деп алыбызга, боюбузга, геосаясаттык абалыбызга, чамабызга карап иш кылбай, донордук эл аралык уюмдардын, айрым батыш, эми болсо кайрадан Россиянын, Кытайдын көзүн карап саясат жүргүзүп, көз карандысыздыкты эгемендүүлүктү чындыгында алда качан жерге көмүп салдык.

3. Кыргыз Республикасынын алгач Бай мыйзамы 1993-жылкы Конституциябыздын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасынын эрктүүлүгү (эгемендүүлүгү) чектелбейт. Ал анын бүтүндөй аймагын камтыйт. Кыргыз Республикасынын эли эгемендүүлүктүн ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы”- деп бекитилген. Азыркы күчүндө турган Конституцияда да бул жоболор сакталган.

Урматтуу калкым, бирок реалдуу түрдө сен кайсы эгемендүүлүктүн ээсисиң? Кайсы мамлекеттик бийликтин бирден-бир туткасы же булагысың? Ойлонуп көрөлүчү? Эгемендүүлүк- бул Кыргызстан өзүнүн ички жана тышкы саясатын эч кимден көз карандысыз өзү аныктайт дегенди түшүндүрөт.

Эй Кыргызстандын бийлигинин булагы болгон элим, бүгүн бийлигиңе ким ээ?.. Албетте башкалар. Болбосо сенин бир тергөөдөгү адамыңды (А. Атамбаевди) Канттагы аскер аэродромунан алдырып, аны 17 минут башка өлкөнүн президенти кабыл алат беле? В. Путин менен С. Жээнбековдун ушул маселеде ордун алмаштырып элестетип көргүлөчү? В. Путиндин бул иши Кыргызстандын эгемендүүлүгү менен көз карандысыздыгына түкүргөндөй болду. Азыркы Кыргыз бийлиги “экс-президент статусу алынган” 6 иш менен айыпталып жаткан адамды эмне үчүн кабыл алдың?” –деп нота жибере алдыбы? Жок!

Ал эми элдин эгемендиктин ээси деген — мамлекеттик бийлик Кыргызстандын эли тарабынан шайланып, элдин кызыкчылыгы үчүн иштейт жана эл алдында жооптуу дегенди түшүндүрөт. Ооба, Президент жалпы эл тарабынан шайланат. Бирок элге отчёт береби? Албетте жок. Мурда формалдуу болсо да жылдын аягында өлкөнүн абалы боюнча кайрылуу жасачу. Акыркы жылдары аны да жасабай калды. Себеби, 2010-жылдагы Конституция боюнча бул жок! Жогорку Кеңештин депутаттары 2007-жылдан бери партиялык тизме менен шайланышып, элге отчёт бербейт. Партиянын лидеринин алдында жооптуу. Аларды тизмеге эл эмес, партиянын башчысы акчасына карап киргизет. Эл конкреттүү адамды эмес, партия башчысы аныктаган тизмеге добуш берет. Албетте кимдин акчасы көп Кыргызстанда — коммерсант менен бизнесмендин. Ошентип Кыргызстандын бийлиги, саясаты акчалуулардын бийлигине, саясатына айланды. Иш жүзүндө эгемендүүлүктүн ээси, мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы сен эмессиң кыргызым — Парламенттеги саясый партиялардагы бизнесмендер, акчалуулар ээ. “Пулуң болсо кулуңмун” — деген заман. Буга ким күнөөлүү? Албетте “Бийлигим аз экен, Англиянын королевасындай экенмин”- деп 1993-жылкы Конституцияны бузуп,. өз колуна чексиз бийликти мыйзамсыз референдумдар менен узурпациялап алган Акаев жана аны ар дайым колдоп жүрүшкөн, Б. Ааматов ыйлап айтып жүргөн Акаевдин реформаторлору күнөөлүү! 2007-жылкы референдум аркылуу 100% партиялык тизме менен шайлоо системасын киргизген Максим Бакиев, анын “Ак-жолчу” депутаттары ушул шайлоо системасын 2010-жылкы Конституцияда сактап калган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү күнөөлүү.

4. 1993-жылкы Конституциянын 4-беренесинде “Кыргыз Республикасында жаратылыштын бардык байлыктары — жер, анын кен-байлыктары, суу, аба мейкиндиги, токой, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү мамлекеттин менчиги”- деп жазылса, азыркы күчүндө турган Баш мыйзамыбыздын 12-беренесинде “Жер, анын кен-байлыктары Кыргыз Республикасынын гана менчиги болуп эсептелет.

Бирдиктүү экологиялык системаны сактоо максатында, Кыргызстандын элинин жашоосу менен иш-аракеттеринин негизи катары пайдаланылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат”- деп бекитилген.

Көзүбүздү чоң ачып, айлана-чөйрөнү карап айткылачы, кайсы кен-байлыгыбыз Кыргыз Республикасынын менчиги болуп, бирдиктүү экологияны сактоо үчүн, кимдин жашоосунун негизи катары пайдаланып жатат? Бардык кен-байлыгыбызга 1992-жылдан бери Б. Бирштейнден тартып Бажаевдер, кытайлыктар ээ болуп, экологиябыз кыйратылып эле жүрбөйбү? Аны көтөрүп чыгышкан Р. Дырылдаевдер чет өлкөлөрдө качып жүрүп картайса, качпаганы аргасы жок “Камеко”, “Центеррага” дүжүр болуп калышпадыбы? Бул маселени көтөрүшкөн орто муундун өкүлдөрү С. Жапаров баш болуп түрмөдө олтурушса, эми жок дегенде кен-байлыктарда Кыргыз Республикасынын үлүшүн так аныктайлы деген жаш муундарыбыздын артынан бир Атамбаевди суракка алып келе албаган СНБбыз, ач кенедей кууп, жабышып жүрбөйбү? Бүгүн кен-байлыктарыбыз толугу менен чет элдиктердин колунда, алардын жашоосунун негизин түзүп жатат! Элди жыргатат деген Президент, Өкмөт башчыларыбыз “Алар мынча салык төлөп жатат” дегенден башканы айталбайт. Салык милдеттүү төлөнчү төлөм. Өзүн эгемен мамлекет, өзүн эгемендиктин ээсимин деген инсан — өзүбүздүн кен-байлыктарда канча үлүшү бар экенин билүүгө укуктуу. Дүйнө жүзүндө Кыргызстанга окшогон бир да мамлекет жок — кен-байлыктарынын үлүшүн аныктабай чет элдиктерге сатып жиберген. Россияда газ, нефть боюнча иш алып барган «Роснефть” менен “Газпромдун” 51% акциясы мамлекеттики болсо, Араб өлкөлөрүндө жаңы төрөлгөн ар бир арабка Араб өлкөлөрүндө өндүрүлүп жаткан газ, нефть, алтындын үлүшү төрөлөр замат берилет. Эң кызыгы, ошол кен-байлыктарыбызды саткандардын айрымдары Президент, Өкмөт башчы болгонуна, болом дегенине эмне дейсиң?!

5. Эгемендик мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын бардыгында “Кыргыз Республикасы чек-ара аймагындагы бүт аймагы кол тийгис, ыйык жана бөлүнгүс”- деп жазылган. Кытайга — Үзөңгү-Куушту баш кылып 4 жер участогун жана Хан-Теңиринин чокусун бөлүп берди — Акаев…

Казакстанга — Каркыраны быш кылып, Маймакты, Көк-Сайды, Хан-Теңиринин чокусунун үчтөн бирин, Токмоктун тушунда Бишкек-Ысык-Көл айлампа жолунан 12 га жерди берди — Бакиев, «Ак-жолчу» депутаттары менен…

Өзбекстанга болсо Атамбаев убагында Каримов 1993–1995-жылдары бир тараптуу чек-араны аныктап ээлеп алган жерин баарына макул болуп “20 жыл чечилбей жаткан жерди чечтим” деп мактанды, аны колдоп өзбек-кыргыз чек-арасы ачылды деп сүйүндүк…

Эми болсо, кытайдан, казактардан, өзбектерден биз кембизби, бизге деле жер бергиле деп Тажикстан чыр салып жатат…

Эй кыргызым сенин эгемендиктин ээси экениң ушубу? Кайсы бийликтин ээсисиң? Кайсы чек-арабыз бөлүнгүс, ыйык, кол тийгис…

Кайсы кен-байлык сенин турмушуңдун негизи болуп жатат? Ойлонбойлубу?

2019-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбеков менен жолукканымда: 31-августту 27 жыл бою эгемендиктин күнү деп майрамдап жүрөбүз… “31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү” — деп негиздеп айтып берсем, ал мени кунт коюп угуп “Азике, түшүндүм” деди. 31-август күнү Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тилде “31-август Кыргызстандын көз карандысыздыгынын күнү” деген жазууну көрүп, Президентибиз мени туура түшүнгөнүнө сүйүндүм. Жанымда олтургандарга айтып, сүрөткө тартып алдым…

Майрамдык мааракеде “Кыргызстан”, “Кыргыз жери”, “Кыргыз тили” жөнүндө ырдалган мыкты чыгармаларды угуп, көрүп “Кыргыз өлбөйт, мамлекеттүүлүгү чачылбайт, көз карандысыздыгы, эгемендиги калыбына келет” деген көтөрүңкү маанай менен Ала-Тоо аянтынан кетип баратып, азыркы Президентибиз Сооронбай Шарипович мурдагы президенттердин кетирген чыккынчылык каталарын кайталабаса экен, алардын жолуна түшпөсө экен, ушинтип алардын каталарын бир-бирден оңдосо экен, таланып жаткан кен-байлыктарыбыз боюнча жаңы келишимдер түзүлүп, кыргыз элинин үлүшү жок дегенде 51% болсо экен, аны сатышкан жана эгемендүүлүккө шек келтиришкен мурдагы Президенттерибиз Россия, Белоруссиядан алдырылып, алардын Өкмөт башчылары, реформаторлору алар менен кошо Атамбаев, С. Исаков, Ж. Сатыбалдиев сыяктуу эле бир премьер-министр Жер-Үй алтын кени боюнча, дагы бир премьер-министр Уңгар-Тоо боюнча жооп берип, алардын баарын топтоп өзүнчө лагерге жашатса экен, ал үчүн ээ жараткан жылгыз Кудай: “Биздин Президентибизге ыйман бер, ден-соолук бер, шайтандын азгырыгынан сакта, саясый сойкулардан оолак кыл, И. Раззаковдун саясатындай кыргызым деген саясат ыраа кыл” — деп ойго баттым…

Бирок кечинде бардык теле-радио мурдагыдай эле эгемендик майрамыңар менен деп куттуктап жатты.

Азимбек Бекназаров

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: