Бүгүн, 23-сентябрда, Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргыз тил күнүнүн 30 жылдыгына арналган иш- чара өтөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын, мамлекеттик тил комиссиясынын китептеринин көргөзмөсү болот.
Мындан тышкары каалоочулар кыргыз тилин билүүсүн текшерүү үчүн тест тапшыра алат. Тест болгону 20-30 мүнөттө толтурууга ылайыкталган суроолордон түзүлгөн.
Кыргыз тилин А1 ден С1ге чейинки денгээлде үйрөнүп жаткандар үчүн да китептер болот.
Иш- чарага президент Сооронбай Жээнбеков да келет.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ