Menu

Фото – Кара-Суудагы белгилүү спортчу-мушкерлер чырлашып, ок атыша кетишти

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрда Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону боюнча маалымат тарады. Ал атышта Рахманберди уулу Төлөгөн аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн.

Болжол менен окуя 21-сентябрда, кечинде Кара-Суу районунун Фуркат айылында болгон. Кара-Суудагы күчтүү спорт клубунда тарбияланган таанымал эле Кылыч Саркарбаев менен Рахманберди уулу Төлөгөн (Араван районунда милийса кызматкери болуп эмгектенип жүргөн экен – авт.) аттуу эки спортчу мушташа кетишкен. Экөө чатакташа кетип, К.Саркарбаев милийса жигитти бутка аткан. Натыйжада, санынан жараат алган Рахманберди уулу Төлөгөн Оштогу облус аралык клиникалык ооруканасына 22-сентябрда эртең менен жеткирилген. Тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулган. Жараат алган врачтарга травма кылчу тапанчадан ок жегенин билдирген. Бирок, ал мындай фактыны четке кагып, үйүндө экенин кабарлаган. Анткени менен Ош облустук оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткенин журналисттерге ырастаган.

Бул окуя Ош облусунун ИИБнин кылмыштар боюнча бирдиктүү реестринде катталган. Ошондой эле КР ИИМдин аймактык аралык башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына тескөөгө жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, Рахманберди уулу Төлөгөн Хвасон шаарында (Түштүк Корея) болуп өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.

Ал эми Кылыч Саркарбаев дене тарбия жана спорт боюнча комитетин жетектейт, вале-тудо борюнча Азиянын, Евразиянын чемпиону, мындан тышкары бир катар сыйлыктар менен наамдардын ээси. Кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорттун чебери.

Үлгү болчу спортчулардын кылганы ушул болсо, артынан өсүп келаткан өспүрүм спортчулары эмне болот?

       

Жайнагүл ТАЛКАНБАЕВА

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: