Menu

Акыйкатчы Токтокүчүк Мамытовго 25 жылдан бери кызматтан түшпөй келе жатканыңыздын “секретин” бизге үйрөтсөңүз боло?

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүк жылдарыбыздын алкагынан караганда өлкөбүздө болгон эки жолку төңкөрүш далай аткаминерди жээкке сүрүп, «крит» кылганына күбө болдук. Арийне, бардык бийликтин тилин таап, сууга салса чөкпөй, отко салса күйбөй, кайсы маалда караба майталкандын үстүндө жыргап-куунап келе жаткан эски малдын көзүндөй болгон «кадырлуу» кадрлардан да уучубуз куру эмес. Алардын бири Токтокүчүк Мамытов экени маалым. Аскар Акаевдин доорунда Коргоо министрдин орун басары, УКМК жетекчисинин биринчи орун басарлыгына чейин жеткен. Курманбек Бакиевдин учурунда өсүш жасап, Коопсуздук кызматынын катчысы, президенттин мамлекеттик кеңешчиси кызматына чейин көтөрүлдү. 2010-жылдан кийин деле кийинки бийликтин тилин тапкан Болотбекович «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчиси, Чек ара кызматынын төрагасы, Ысык-Көл областынын губернатору жана башка бир топ жерге жетекчи болду. Бүгүн да бир тармактын бучкагын чоюп олтурат. Кызматтык секириктеринин «секретин» өзүнөн сурап көрүүнү туура таптык:

Токтокүчүк Болотбекович, сиздин 25 жылдан бери жетекчилик кызматтан түшпөй келе жатканыңыздын кандай сыры бар? Бизге деле үйрөтпөйсүзбү? же бул “талант” тубаса болуш керекпи? 2018-жылдын 26-сентябрынан бери КРнын акыйкатчысы болуп иштеп келе жатасыз. Канча адамдын укугун коргоп, ыйлап келген канча адамдын жашын сүрттүңүз? Кийинки кызмат ордуңуз кайсыл жер болсо деп боолголоп турасыз?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: