Ушул жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиянын Ички Иштер Министирлигинин Миграция башкармалыгынын башкы дирекциясынын башкы жетекчиси Абдуллах Аяз менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер минисрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КРнын жарандарынын Туркияда жүрүүжана алардын укутарын коргоо маселелерин талкуулап, эки мамлекеттин тиештүү органдарынын тарабынан адам сатууну жана мыйзамсыз миграцияны алдын алуу боюнча превентивдуу (алдынала) чараларды иштеп чыгуу жана көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгына көнүл бурушту.
Ушуну менен катар, Турцияда жашап турууга укук алууда КР жарандары учун тарифтерин азайтуу маселеси талкууланды. Бул маселеге турк тарап ТР каржы Министрлиги тарабынан бекитилген тариф бардык чет элдиктер учун бирдей экенин жана өзгөртүлбөстүгүн белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ