Menu

Фоторепортаж — Кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна арналган салтанаттуу иш-чара

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өткөн кыргыз тилине мамлекеттик статус берилгенине 30 жыл толгонуна арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы кыргыз тилин балдарга үйрөтүүчү китептердин, мобилдик колдонмолордун көргөзмөсүн көрүп чыгып, «Кыргызтест» системасынын иши менен таанышты.

Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков тил саясатын өркүндөтүү жаңы программасын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдарда иш кагаздардын сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу ж. б. кыргыз тилин өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча негизги багыттарды белгиледи.

Салтанаттуу иш-чара концерттик программа менен аяктады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: