Menu

Орусия Абхазиянын армиясына каражат бөлөт

Бөлүшүү:

Орусиянын президенти Владимир Путин өкмөткө эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазиянын куралдуу күчтөрүн жаңылоо үчүн каражат бөлүү боюнча келишимге кол коюуну тапшырды.

Укуктук маалыматтар порталында жарыяланган маалыматта армия үчүн бөлүнө турган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн эмес.

2008-жылы Москва менен Тбилисинин беш күндүк куралдуу кагылышынан кийин Абхазия менен Түштүк Осетия өздөрүн «Грузиядан эгемен өлкө» деп жарыялашкан. Алардын эгемендигин Орусия тааныган. Грузия жикчил Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия тарабынан басылып алынган аймак деп эсептейт жана Москваны өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга айыптап келет.

Орусия Абхазияга расмий жана бейрасмий каналдары боюнча чоң жардам көрсөтүп келери айтылып жүрөт. Абхазиядагы 10 эң ири салык төлөөчү – орусиялык компаниялар экенин аймактын экономика министри Адгур Ардзинба билдирген.

2015-жылы Абхазиянын башкы штабын орусиялык генерал Анатолий Хрулев жетектеп баштагандан кийин Мамлекеттик дума Орусия менен Абхазиянын бириккен аскердик тобу тууралуу токтомго кол койгон. Анын курамына Абхазиянын аймагында жайгашкан орус аскердик базасы, мотоаткычтар батальону, артиллериялык жана авиациялык топтор, ошондой эле атайын багыттагы өзүнчө бөлүк кирген. Бул топтун жетекчилигине орус аскер базасынын башчысы дайындалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 62 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: