Menu

Генерал Кемелбек Кыязов Москвада 45 чакырым аралыктагы марафонго катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрь күнү милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Кыязов 42 км 195 метр аралыкка чуркоо боюнча жетинчи Москва эл аралык марафонунда катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага катышуу үчүн 85 өлкөдөн 22 миңден ашык спортчулар келген. Марафон Москва шаарынын эң кооз көчөлөрүндө өткөнү менен, анда + 5-7 градустагы аба ырайында, катуу шамал болуп, каар аралаш жаан жаган учурлар болгон. Аба ырайынын оор шартына карабастан, генерал-майор К. Кыязов 42 км 195 метр аралыкка чуроо марафонунда жеке өзүнө рекорд жасады. Анын жыйынтыгы 4 саат 01 мүнөт болду.

Жаш курактары боюнча катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү 3-октябрь күнүнөн кийин сыйлашмакчы. Фиништен кийин Кемелбек Кыязов билдиргендей, бул Москва марафонундагы чуркоону-Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине арнаган. Ошондой эле, жөө күлүк генералыбыз Кыргызстанда туруктуулук, бейпилдик жана тартип болушун каалап кетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: