Menu

Элмурат, ырчы: “Акчанын артынан эмес, билимдин да артынан чуркап койсок ашыкча болбойт эле”

Бөлүшүү:

—Элмурат, көптөн бери көрүнбөй кеттиң. Жаңы ырларыңа күбө боло элекпиз, концерттерден, тойлордон көрүнбөйсүң деги кайда эле жүрөсүң?

—Бул суроо акыркы убактарда «дежурный» болуп калганбы, билбейм… Ар бир чалган журналист, тааныштар ушул сөздү айтышат. Чыгармачылыгым өз нугунда. Жакында эле «Ата» деген ырымды жазып бүттүм. Аталардын баркын көтөргөн, ата сыйлагандар оозунан түшүрбөй ырдаган ыр болсун деген ниет менен.

Атам бизди кандай гана учур болбосун каалаган нерсебизди орундатып чоңойткон. Азыр өзүм балалуу болгондон кийин ата баркын билип: «Атам биздин баардык каалоо-тилектерибизди кандай азап менен орундатты экен» деп ойлоном. Буюрса эң мыкты, сапаты жогору, элдин эсинде калган клип тартайын деп пландап жүрөм.

—Атактуу орус ырчысы Филипп Киркоров ырчыларга: «Клипке өзүң режиссёрлук кылсаң, сөзүн, обонун өзүң жазсаң, ал ырдын жалгыз угарманы өзүң болуп калышың мүмкүн» деп кеңеш берет экен. Бул биздин ырчыларга деле тиешелүү да…

—Абдан туура айтыптыр. Андай ырчылар бизде деле жок эмес. Өзүм деле убагында ырларымдын сөзүн-обонун жазчумун. Азыр угуп көрсөм: «Сени сагындым, көргөнү баратам, алтыным» деген сыяктуу болуп калыптыр. Ошентсе дагы өз мезгилинде жакшы ырлардын катарын толуктачу. Азыр болсо сөзүн акындар менен иштешип, аранжировкасын башкалар жасап, сценарийин да кеңешип, анан клип тартабыз.

—Эгемендүүлүк майрамында айрым ырчылар Кыргызстан көз карандысыз болгонуна канча жыл толгонун билбей коюшту. Бул сага кандай таасир калтырды?

—Абдан өкүнүчтүү иш болуп кетти. Көргөндө эле бул эми баардыгыбызга жабылган көө болот деп ойлогом. Акыры мен ойлогондой эле болуп, ырчылардын деңгээли деп айтышууда. Чындыгында бир ошол кыз үчүн эмес, баарыбыз үчүн уят. Акчанын артынан эмес, билимдин да артынан чуркап койсок ашыкча болбойт эле.

—Баса, жакшылыктарда көп кызмат кылбайсың, каражат кайдан келет, турмуш-тиричиликке жетеби?

—Кудайга шүгүр деген адам баарына жетет. Жашоомо нааразы эмесмин. Учурда борбордогу бир чоң кафеде администратормун. Бул жерди жетектеп, үй-бүлөмдү багам. Болгону балдарыма азыраак убакыт бөлүп калганыма өкүнөм. Мурда деле түндө келсем уктап жатышкан болот, эртең менен алар бала бакчага кетип калып көрчү эмесмин. Азыр деле ошол. Жумуштан кеч барам, алар уктап калышат. Жыттап, өпкүлөп коём. Бирок бир жумада бир эки күн сөзсүз аларга убакыт таап, ойнотуп, каалагандарын сатып берүүгө убакыт табам.

—Шоу бизнестен тажагандай түрүң бар. Такыр ырдабай койсом деген ойлоруң барбы?

—Бир кезде болгон. Чет өлкөдө жүргөн досторум кел, бизде иштеп материалдык жактан бутуңа жакшы туруп аласың деп айтышкан. Интернеттеги мигранттардын балдарынын көргөн кордугун, ыйлаганын, ата-энесинин сагынганын көрүп: «Менин балдарым да сагынып, жол карайт турбайбы» деп кетпей койдум. Тагыраагы кете алган жокмун. Балким балдарым чоңойгондо барып келээрмин.

Сезим Мураталиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: