Бүгүн, 23-сентябрда, 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны болду. Ага аскер прокурору Нуркамал Набиев чакырылды. Анын айтымында, ИИМ министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов атайын даярдыктагы аскерди мыйзамсыз түрдө айдоочу кылып дайындап алганы үчүн ага кылмыш иши козголгон.
Ушуну менен Курсан Асановго жалпысынан төрт кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, 13-августта премьер-министр М.Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага «7-8-августта Кой-Ташта Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп ИИМ ички иликтөө кызматынын чыгарган чечими себеп болгон. Анын баш коргоо чарасы 27-августта Биринчи Май райондук сотунда каралып, 13-октябрга чейин үй камагына алынган. Учурда ИИМ ички тергөө жүргүзүп, документтер Аскер прокуратурасына берилип, өзүнчө иш ачылды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ