Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТРнын Соода министри Рухсар Пекжан менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын соода-экономика тармагындагы маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн  ортосундагы соода-сатыктын көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле кыргыз продукциясынын Түркияга экспортун көбөйтүү максатында, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-отурумун 2019-жылдын октябрь айында өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Элчи К.Омуралиев Р.Пекжанга КРдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү боюнча чыгымдар), өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, тышкы соода-сатыктын көлөмү, ЕЭБдеги КРнын мүчөлүгү жана ВСП+ статусу жөнүндө маалымат берди.

К.Омуралиев Кыргызстанды ТРнын Өзгөчө (атайын) колдоо менен колдонгон өлкөлөрдүн программасына (Преференция программасы) киргизүү жана кыргыз фасолуна бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча өтүнүчүн айтты. Өз кезегинде Р.Пекжан, 2017-жылы Түркияда фасольдун түшүмү мол болбогонуна байланыштуу бажы төлөмдөрү төмөндөтүлгөнүн айтты. Бирок азырку учурда мындай зарылчылык болбогонуна байланыштуу жана түрк фасоль өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү жана КРна эч бир преференция берүү мүмүкүн эместигин белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: