Menu

Үй-бүлөлүк баалуулуктарды даңазалаган “Жамгырдан кийин” тасмасы

Бөлүшүү:

Кыргызстанда биринчи жолу үй-бүлөдөгү сүйүүнү атанын көз карашы менен чагылдырган көркөм тасма тартылды. Америкалык Юджиния Чанг жаш улан-кыздардан турган Аlya Production Coalition, CityLab Production жана Versare Creativev кинотартуучулардын командасы менен биргеликте, чыныгы жашоодо болуп өткөн окуяларга негизделип, атанын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн сүйүүсү аркылуу кыздардын баа жеткис баркын чагылдырган «Жамгырдан кийин» деп аталган көркөм тасманы тартып чыгышты. Көркөм тасма өлкөдөгү социалдык маселелерди козгоп, адамдарды аларды чечүүгө үндөйт. Тасманы Бишкек шаарында көрсөтүүдөн түшкөн пайданын 50% Кыргызстандын алыскы айылдарында тасманы акысыз көрсөтүүгө жумшалмакчы.

Жети жыл мурун 26 жаштагы Юджиния Кыргызстанга ыктыярчы катарында келип, өлкөбүздү бүткүл жүрөгү менен сүйүп калган. Элдин жашоо-шартын жакшыраак түшүнүү үчүн ал айылдарда жашап, жергиликтүү кыздар менен достук мамиледе болгон. Айыл кечтеринин биринде Юджиния жакын курбусу менен сейилдеп жүрсө, алдынан бир аял чыгып, эртерээк үйүңөргө кеткиле, болбосо, силерди бирөөлөр ала качып кетет деп тынчсыздана эскерткен. Ошондо Юджиния «кыз ала качуу» деген түшүнүктү биринчи жолу угуп, аябай катуу таасирленген.

Кийинчерээк жергиликтүү ЖОЖдордун биринде окутуучу болуп иштеп жүргөн Юджинияга алыскы айылдардан келип билим алып жаткан студенттер ар кандай көйгөйлөрү менен көп кайрылышкан. Көбүнчөсү, эркине каршы никеге турган жана атасыз өскөн кыздар болгон. Ушулардын баарын уккан Юджиниянын жүрөгү тилинип, запкыга баткан кыз-келиндерге канткенде жардам бере ала тургандыгы жөнүндө ойлоно баштайт. Акыры, кыздардын тагдырын көркөм тасма аркылуу чагылдырып, алар туш болгон кыйынчылыктарды жумурай журтка жеткиргиси келген.

Бирок Юджиниянын көркөм тасма тартуу жаатында тажрыйбасы да, билими да жок болуп, тасманын сценарийинин үстүнөн бир жыл бою иштеген. Жыйынтыгында, көркөм тасмадагы каармандардын чыныгы турмушта прототиби болуп, сюжеттин ар бир линиясы кимдир-бирөөнүн жашоосунан алынып тартылган. Көркөм тасманы чыныгы жашоого, колдон келишинче, жакыныраак жана таасыныраак чагылдыруу үчүн, аны тартуу милдетин кыргыз улутундагы режиссерго берүүнү туура көргөн. Сценарийдин ийгилигине ишенип, бир нече кыздын образынан жаралган Сүйүн аттуу кыздын окуясын баяндап берүүгө макул болгон режиссер бир топ убакытка чейин табылбай акыры издөө аракети CityLab Production студиясын негиздөөчү Чыңгыз Нарыновго келип такалган.

Чыңгыз Нарынов даректүү тасмалар жаатында 10 жылдан бери иштеп келе жаткан режиссер болгон. Анын көркөм тасмалары чет өлкөлүк кинофестивалдарда көрсөтүлүп, көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. «Жамгырдан кийин» Чыңгыздын эң алгачкы көркөм тасмасы. Аны бул долбоорго кыз-келиндер аларды түшүнүп, кабыл алган коомдо жашашы керек деген ишеним, ошондой эле ушул ойду жумурай журтка жеткирүү ниети жетелеп келген.

Көркөм тасмада көтөрүлгөн социалдык маселелер: кыз-келиндердин көйгөйлөрүнөн кабардарлыкты арттыруу; кыздарды ала качуу көрүнүштөрүн токтотуу; кыздарга кысым көрсөткөн «уят» (шермендечилик) деген түшүнүктү солгундатуу; жалпы элди кыздарды урматтап, сыйлоого чакыруу. Учурда кыз-келиндерге жардам берип, колдоо көрсөткөн көптөгөн феминисттик уюмдар бар. Бирок коомго таасир этүү үчүн алар колдоого муктаж. Себеби көбүнесе айылдарда өз укугун коргогонго аракет кылган кыз-келиндер үй-бүлөсүнүн жана коомдун кысымына алынып, алардын дарегине көптөгөн айыптоолор айтылат. Демек, өзгөрүүнү кыз-келиндерди курчап турган чөйрөдөн башташ керек жана “Жамгырдан кийин” көркөм тасмасы так ушул максатты көздөйт.

Көркөм тасма 26-сентябрдан баштап Бишкек жана Ош шаарларынын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

Актердук состав:

* Назбийке Айдарова;

* Уланбек Султангазиев;

* Сакын Карабаев;

* Таалайкан Абазова;

* Анвар Осмоналиев;

* Назым Мендебаиров;

* Адилет Усубалиев;

* Марат Алышпаев;

* ГүлмираТурсунбаева.

Аялзатына коомдо колдоо керек

—Эрназар, сиздер жараткан тасманын элге жеткирейин деген идеясы эмнеде?

—Биз бул кино аркылуу бир үй-бүлөнүн кызына өзүндө болгон нерсесин толугу менен арнагандагы сүйүүсүн жана башкалардын «уят» деген сөзүнөн коргогондугунун канчалык баа жеткис, жакшы нерсе экендигин көрсөткүбүз келди. Коомдогу кандай гана социалдык маселе же аялдардын укугу боюнча маселелер чыкпасын, алардан дагы коомдо кыздарга эң зарылы үй-бүлөнүн жана айланасындагылардын колдоосу экендигин ушул фильм аркылуу элдин түшүнүп жетээрине үмүттөнөбүз. Сүйүү ар кандай уяттан бийик турат. Ошону менен бирге үй-бүлөдө аталар жана байкелер ар кандай кырдаалда чыныгы эркектей тик туруп, өзүн садага чаап, биринчи орунда апаларына жардам берип, эже-карындаштарын баалап, сыйлагандыгынын канчалык эрдик экендигин көрсөткүбүз келет.

—Тасма тартуу учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуздар?

—Ар кандай кыйынчылыктар болду. Кокустан жааган жамгырдан айылда электр жарыгынын өчүп калуусу тасма тартуу ишин үзгүлтүккө учуратты жана съемка үчүн ат издөөдө кыйынчылыктар болду. Ат тапканыбызда анын көзүнүн айланасына жүздөй чымын конуп, биз канчалык коруп айдасак да кетпей жүдөттү. Кино тартуу учурунда кичинекей актерубуздун бирин бир топ аары чагып, бетинин баары шишип кетиптир. Анан жакынкы кошуналардан ага окшош бала издөөгө туура келди. Актерлордун бири сценарийди унутуп, дайыма ката кетире бергендиктен кинону таңкы саат 5ке чейин тартууга туура келген учурлар да болду. Айтор түйшүктүү күндөрдү баштан өткөрдүк.

—«Жамгырдан кийин» тасмасы канча убакыт тартылды?

—Тасманы 2017-жылдын февралынан тартып баштаганбыз. Тартуу иштерине баш аягы жети ай убакыт кетти. Продюсер Юджиния Чанг, Чыңгыз Нарынов, сопродюсер Зарнигар Марленова.

—Кайсы жерлерде тартылды жана сыр болбосо канча каражатка тартылды ?

—Фильмдин көп бөлүгү Бишкекте, Чүй областында, Шопоков айылында жана айрым кадрлар Токмок шаарынан тартылды. Тасмага жалпы жонунан 60 миң АКШ долларынын тегерегинде каражат жумшалды.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: