Бүгүн, 24-сентябрда, Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясында жалпы дебаттар башталат. Анда тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков сөз сүйлөйт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, министр Кыргызстандын өнүгүү жолунун (коомдук-саясий, экономикалык) негизги багыттары тууралуу баяндама жасайт. Ч.Айдарбеков иш сапары менен Нью-Йоркко 21-сентябрда барган, ал 28-сентябрда келет. Иш сапарынын алкагында Айдарбеков бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн жана эларалык уюмдар менен форумдар алкагында талкууларга катышууда.
Эскерте кетсек, Кыргызстан БУУга 1992-жылы мүчө болгон. Борбор калаабызда БУУнун агенттик, фонд жана долбоорунун он өкүлчүлүгү бар.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ