Menu

“Коопсуз шаар – 2” же Кытайдын Кыргызстанды көзөмөлдөөсүнө ким кызыкдар?

Бөлүшүү:

Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы боюнча тендерди кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы жеңгенин жар салды. УКМК, ИИМ, Транспорт жана жол министрлигинин өкүлдөрүнөн, Бишкектин мэриясы менен башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринен түзүлгөн тендердик комиссия Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. ишканасын жеңүүчү деп тапкан.

Экинчи орунду орусиялык БИС компаниясы алган. Тендерге катышкан дагы бир орусиялык “Вега” ишканасынын сунушу Мамлекеттик салык кызматына жана Социалдык фондго карызынын жоктугу жөнүндө маалымаат тапшырбаганына байланыштуу четке кагылган.

Аты аталган үч компания “Коопсуз шаар – 2” долбоорун ишке ашырыш үчүн төмөнкүдөй суммаларды сунуш кылышкан. “Вега” – 4 802 338 446 сом. Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. – 2 654 558 940 сом. БИС – 5 067 794 340 сом. Утуп чыккан компания Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп, жол эрежесинин бузулушун каттайт.

Учурда “Коопсуз шаар -2” долбоорун ишке ашыруу укугун жеңди делген кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd. компаниясы тендердин талаптарына жооп бербеген шартта жеңүүчү болуп табылганы нааразычылык жаратууда. Буга жүйө келтирчү мисалдар арбын.

Тендердин шартына ылайык баа берүү квалификадия эки этаптан жүргүзүлөт. Биринчи этапта камсыздоочулардын ишинин тажрыйбасын, финансылык, коммерциялы, өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө баа берүү боюнча квалификацияга чейинки процедуралар жүргүзүлөт. Квалификациялык талаптарга жооп бербеген катышуучулар экинчи этапка катышпайт. Экинчи этапта шартка ылайык алар тараптан конкурстук табыштамаларды кепилдигин камсыз кылуу киргизилген учурда квалификацияга чейинки процедуралардан өткөн катышуучулардын баасы боюнча сунуштарын баалоо жүргүзүлөт.

Мына ушул негизги шарттарга ылайык жеңүүчү деп табылган кытайлык Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясы тендердин бардык талаптарына жооп берээрлиги чоң күмөн жаратууда. Анткени коопсуздукту жана жол эрежелерин камсыз кылуучу Кытай өндүрүшүнөн чыккан программалаштырылган аппараттык комплекстер Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизилген эмес. Текшерүү жүргүзүлбөгөн. Аталган компания болгону курулуш иштерин жүргүзүү укугун билдирген гана лицензияга ээ болгон. Талапка жооп берген сертификат, лицензиясы жок. Маалыматты камсыз кылуу багытында иш тажрыйбасын далилдеп чагылдырган фото, видео материалдар, ар бир түшкөн маалыматты иргеп, иштеп чыгуучу программа тендердик комиссиядан өткөн эмес. Демек, бул болсо конкурстун “Тапшырылып жаткан маалымат Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барып, өндүрүлүп чыккан мамлекеттин тиешелүү сертификаты (тастыктама) жана лицензиясы (уруксаттама) бар АПКнын өлчөө каражаттарын колдонуу менен гана түзүлүшү керек жана Кыргыз Республикасында текшерилгендиги тууралуу күбөлүккө ээ болуу керек” деген техникалык тапшырмасына ачык эле дал келбейт. Бул бир.

Экинчиден, баанын абдан төмөндүгү күмөн жаратууда. Бул болсо демпингдик баа экендиги ачык эле көрүнүп турат. Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө мыйзам демпингдик баа деген эмнен экендиги тууралуу түшүнүк берет.

Демпингдик баа – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөн, долбоордук-сметалык документациянын, техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү жумуштар боюнча берүүчүлөрдүн бекитилген бюджетинин суммаларынын негизинде эсептелген, сатып алуулардын пландаштырылган суммасынан төмөн болуп саналган 20 пайыздан ашпаган берүүчү (подрядчы) жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга сунуш кылган баа. Ошондой эле бул мыйзам демпингдик баага чара көрүүнү эске алат.

27-1-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөгү демпингге каршы чаралар;

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө берүүчү (подрядчы) тарабынан келишимди аткарууну камсыздоого кошумча демпингдик деп таанылбаган, минималдуу жол берилген баанын төмөндөтүлгөн суммасына барабар өлчөмдө банктык кепилдик киргизүү келишимин аткарууну камсыз кылуунун шартында демпингдик бааны берүүгө жол берилет. Демпингге каршы чаралар сатып алууларга карата босоголук суммага барабар же анын максималдык суммасынан жогору колдонулат.

Келгиле ой жүгүртүп көрөлү. Кытай компаниясы мамлекеттик сатып алуулар порталына ылайык 2 654 558 940 сом баасын сунуштады. Анда келишимдин аткаруунун кепилдик камсыз кылуу 2 005 398 617 сом түзөт. Сизди эч нерсе ойлонткон жокпу? Башкача айтканда, жабдыктарды алып келип, конструкцияларды коюп, 5 жыл тейлеп, байланыш каналдарына акча төлөп, КАГК 2 005 398 617 сом тоңдуруп, анан гана 5 жылдан кийин 2 654 558 940 сом алат. Бул дегендик кандайдыр бир Кытай бизнеси жыттанып турат дегенди билдирет.

Дал ушул жерден белгилей кетчү жагдай, жалгыз гана Кытай компаниясы конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу 850 000 $ жакын накталай акча берген. Бирок мыйзамда накталай акча тууралуу бир да сөз жок. Демек, накталай акча кимдердин алаканын ысытты деген шектенүү күч. Себеп дегенде конкурстук табыштамаларды кепилдик камсыз кылуу 26-беренеде конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу акчалай каражат, облигациялар, банк кепилдиктеринин депозиттери, көрсөтүүчүгө депозиттик сертификаттар түрүндө болушу мүмкүндүгү жазылган.

Маалыматка ылайык, конкурстук комиссия катышуучулардын техникалык чечимдерин техникалык аудит өткөргөн эмес. Документтердин бир бөлүгү кытай тилинен которулган эмес – 23 бет. Программалык продукт котормосу жок жана алгачкы коддорду Кыргыз Республикасынын атайын кызматтарына берүү тууралуу милдеттеме жок. Ишеним менен программалык продуктта атайын жашыруун сакталмалар (закладкалар) бар экендигин айтса болот. Бул болсо маалыматтардын агуусуна, анын ичинде мамлекеттик биринчи адамдарынын атайын транспортунун өтүүсү жана жеке маалыматтар үчүнчү жакка өтүп кетүүсү ыктымал экендигин билдирет. Тапшырылган техникалык чечимде интеграция түшүнүгү жок: “Инфокомдун” учурдагы программалык продуктусу менен, МККнын маалымат базасы менен, КШдын (ВЕГА) биринчи этабы боюнча Кыргыз Республикасында АПК боюнча иштеп жаткан сүрөттөрдү алдын ала иштетүү үчүн айып төлөөнү текшерүүнү камсыз кылган бирдиктүү программа жок.

Кыскасы, берилген документацияга ылайык Кытай компаниясы конкурстун талаптарына жооп бербеген күмөндүү жагдайда жеңүүчү деп табылып отурат. Бул дегендик, кимдир бирөө биздин көчөлөрдө Кытай компанияларынын иштөөсүн аябай каалап жатканын туюндурат.

Сыягы, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында адамды бет түзүлүшүнөн тааный турган функциясы бар камераларды орнотуп берүүнү сунуштаган кытайлык СЕІЕС (Сһіnа National Electronics Іmport & Ехроrt Соrроratiоп) компаниясы менен макулдашкан долбоорго макулдугун билдирип Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 4-мартында эле Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен буйрукка кол койгонунда кеп бар тура. Мындай документке кол коюлганы тууралуу маалымат ал учурда эмнегедир көпчүлүккө ачыкка чыкпай, коомчулук арадан жарым жыл өтүп кеткенден кийин гана билип отурат. Буга чейин  өлкө Кытайдын санариптик көзөмөл системасынан баш тарткан болчу. Жакшылап эстей турган болсок, кытайлык компания мурда да Кыргызстан менен ушундай багытта кызматташууга аракет кылган. 2018-жылдын январь айында кыргыз өкмөтү кытайлык “Хуавей” компаниясы менен инвестициялык макулдашууга кол коюп, өлкөнүн ири шаарлары менен негизги кан жолдорун видеокөзөмөл камералары менен жабдып чыкмак болгон. Бирок эки айдан кийин министрлер кабинети андай макулдашуудан чыгып кеткен. “Хуавей” менен СЕІЕС – өнөктөштөр.

Эми эң негизги маалымат коопсуздугунун коркунучуна көңүл буралы. Азыркы күндө Кыргызстанда кытай компанияларына жарандардын персоналдык (жеке) маалыматтарын жандантып (косвенно) жолбермесин (допуск) берүү тенденциясы жүрүп жатат. “Коопсуз шаар – 2” долбоорун ишке ашырчу СЕІЕС компаниясы жарандардын маалыматтык базасын өз кызыкчылыктарына пайдаланбайт деп кепилдик берүү кыйын.

Демек, жарандардын маалыматтык коопсуздугу корголот деп айтууга болбойт. Тобокелчилик жана кооптуулук жогору. Анткени Кытай компаниясы Бишкек эле эмес, Кыргызстандын 17 шаарында жана 73 калктуу конушунда видеокамерадан байкоочу жабдуу орнотуп жол кыймылын эле эмес, ар бир жаранды көзөмөлдөшү толук ыктымал. Натыйжада Кыргызстандын маалымат коопсуздугу Кытайдын колуна өтүү коркунучунда турганын дүйнөлүк басылмалар коңгуроо кагып жазышууда. Маселен, “Еurаsіаnet” басылмасы Кытай Борбор Азияга видео көзөмөл каражаттарын алып келүү менен маалымат коопсуздугун көзөмөл кылган системасын акырындап киргизип жатканын жазды. Чындыгында Кытай компаниясы биздеги маалымат базаларын колго алып, жергиликтүү бийлик менен операторлорду паралап коюшу толук ыктымал деген чочуулоо күч.

Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: