Menu

Кой-Таш окуясы боюнча иликтөө комиссиясы Атамбаевдин айылын аралай турган болду

Бөлүшүү:

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айылында көчмө жыйын өткөрүп, айылдын тургундары менен жолугушат. Бул тууралуу мамкомиссиянын мүчөсү, генерал-майор Артур Медетбеков билдирүү таратты. Иликтөөнүн мөөнөтү кечээ узартылып, көчмө жыйын болоору айтылган.

Эскерте кетсек, мамлекеттик комиссия 29-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен түзүлүп, ишти тыкыр изилдеп, иликтөөгө бир ай убакыт берилген. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген. Алар УКМК, ИИМ, Аскер прокуратурасынын жетекчилерин жана Кой-Ташта катышкан көрүнүктүү адамдарды сурап бүтүштү. Кийинки отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары, КСДПнын мүчөлөрү Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина чакырып, алардын маалыматын угуу үчүн парламенттин имаратында өткөрмөй болушту. Анткени эки депутат буга чейин жыйынга эки жолу чакырылып, келишкен эмес.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: