Учурда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстанда инвесторлорго бардык шарттар түзүлүп, бир топ жеңилдиктер түзүлгөнүн баса белгилеп, инвесторлордун укуктары толук корголоорун, алардын мүлкү кол тийгис экенин айтып, түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырды. Ошондой эле президент Кыргызстан эгемендик алгандан бери Түркия 600 млн. доллардан ашык инвестиция салганын айтты.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ