23-24-сентябрда Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков катышууда. Ал кечээ Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушкан учурда, Казакстандын президенти Кыргызстанга келээри маалым болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Нурлан Нигматулин жолугушууда ноябрда президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары келээрин, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланарын айткан.
Аталган иш-чарада ЖК төрагасы Дастан Жумабеков Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров, Молдова парламентинин төрагасы Зинаида Гречаный, Казакстан өлкөсүнүн Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин жана Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Отурумдун соңунда атайын биргелешкен билдирүү кабыл алынат.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ