Menu

Фото – Нью-Йорк шаарында Чыңгыз Айдарбеков СВМДАга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин формалдуу эмес жолугушуусуна жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы чаралар боюнча Саммиттин ачылышына катышты  

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-сентябрь күнү Нью-Йорк шаарында, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74-сессиясынын Жалпы дебаттарына катышуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы,  Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (СВМДА) мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуучулар ушул жылдын 15-июнунда Дүйшөмбү шаарында өткөн СВМДАнын Бешинчи саммитинин жыйынтыктарын, 2020-жылга иш-аракеттердин Планын, ошондой эле СВМДАнын бир катар уюштуруучулук маселелерин талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков өз сөзүндө, Кыргыз Республикасы СВМДАга мүчө-мамлекет болуу менен Кеңешменин өз ара ишенимди бекемдөө, кызматташтык жана регионалдык коопсуздукту чыңдоо максаттары менен принциптерин, СВМДАга мүчө башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү жана достук мамилелерин карманаарын баса белгиледи.

 Ушул эле күнү Министр Чыңгыз Айдарбеков Климаттын өзгөрүүсү жаатындагы чаралар боюнча Саммиттин ачылышына катышты.

Саммит БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин демилгеси менен климат боюнча жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы чаралар боюнча Париж макулдашуусун ишке ашырууда БУУга мүчө-мамлекеттердин күч-аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн өткөрүлүп жатат.

Саммиттин ишине климаттын өзгөрүүсү жаатындагы реалдуу чараларды, анын ичинде Париж макулдашуусуна ылайык өздөрүнүн улуттук пландарын сунуштаган дүйнөлүк лидерлер, өкмөт мүчөлөрү, финансылык чөйрөлөр, бизнес жана жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле көп тараптуу иш-чаралардын алкагында Ч.Айдарбековдун Гайана, Лаос жана Мальдивы өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: