Menu

Алдыда шайлоо келатат. Эл өкүлдөрүнүн элге берген убадалары аткарылдыбы?

Бөлүшүү:

Бишкекте 22-сентябрда “Кыргызстан” саясий партиясынын VI cъезди өттү. Курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев “Кыргызстан” партиясынын лидери болуп кайрадан шайланды. Съездге 1175 делегат катышты. Арасында парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары жана партиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да бар. Төрага өз сөзүндө: “биз жакшы мыйзамдарды кабыл алдык. Албетте дагы көп мыйзамдар кабыл алынышы керек болчу. Кыргызда “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дейт. Биз дагы да күрөшөбүз. Ошол мыйзамдардын аткарылышына салымыбызды кошобуз. Биз шайлоого аттанып жатканда социалдык тармактарда көп убадаларды бергенбиз. Алар 100 пайыз аткарылбаса да көп ийгиликтерди жараттык. Сүйүнчү пул, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 18 жашка чыкканга чейин ата-энелерине мамлекет тарабынан камкордук көрүү боюнча мыйзамдар кабыл алынды” – деп айтты.

Мирлан Дүйшөнбаев, эркин журналист:

– Туура, аталган партиянын шайлоочуларга берген убадалары зор болчу. «Партиянын катарында жалаң ишкерлер, ар бир облуска ишкана курабыз, өндүрүштү жандантабыз. жумуш орундарын түзөбүз дегенди элдин алдында көп айтышкан. Бирок партиянын курамындагы ишкерлер бизнестерин коргоп, аны өнүктүрүү менен эле алек болбосо, эч кимиси ишкана куруп, жумуш орундарын түзүп, элдин түйшүгүн жеңилдеткен иш кылбады. Ар бир туулган ымыркайга 50 миң сомдон сүйүнчү пул беребиз дешкендери партиянын шайлоочулар алдындагы бетке кармаган “көзүрү” болчу. Коомчулуктун, шайлоочулардын суроо-талаптарынан соң 50 миң эмес, 5 миң сом өлчөмүндөгү сүйүнчү пулду эптеп атып өткөрүшүп, элди сооротушту окшойт. Ачыгын айтканда, ар бир туулган балага 50 миң сомдон сүйүнчү пул берилет дегендери реалдуулуктан таптакыр алыс, ишке ашпай турган нерсе болчу. Бул эми эптеп шайлоочулардын добуштарын алууга болгон аракет, жандалбас болгондугу түшүнүктүү эле да. Партиянын катарында бир өңчөй ишкерлер, капчыктуулар болгондуктан, элде, шайлоочуларда партияга ишеним чоң болгон. Өкүнүчтүүсү, парламенттеги “тил алчаак” фракциянын ролун жакшы аткарганы эле болбосо, 4 жылда сөз кыларлык иш кылышкан жок.

Канат Исаев, ЖКнын депутаты: 

-Шайлоодо берилген убадалардын айрымдары аткарылган жок. 18 депутат менен бардык маселени чечүү мүмкүн эмес экен. Бирок биз алдыбызга чоң максат койгонубуз туура. Алдыга карай умтулуу болушу керек.

Эмил Жороев, саясат талдоочу:

– Ар бир партия, фракция кылган иштери боюнча өзүнө жана элге отчёт бериши керек. Шайлоодо өзгөчө акчага байланыштуу ар кандай популисттик ураандар айтылат. Анын ичинде «50 миң сом сүйүнчү беребиз» деген убада берилген. Ушундай обу жок, негизсиз убадаларды тыйыш үчүн элдин партияларга убадалардын аткарылышы боюнча суроо берип, талап кылганы жакшы нерсе. Муну партиялар да, шайлоочулар да түшүнүшү керек. Өзгөчө парламенттик шайлоодо партиялар чоң убадаларды бергенде биз бир да партия парламентте өзү жалгыз көпчүлүктү түзүп, өкмөттү өзү курай албасын түшүнүшүбүз керек. Партиянын «парламентте биздин депутаттарыбыз аз болуп калды” деген шылтоосу дайыма эле боло берет. Экинчиден, Кыргызстандагы экономикалык шартты да эске алыш керек. Мисалы, ошол эле жөлөк пул боюнча мыйзамды кимдер көтөрүп чыкты? Азыр сүйүнчү акча 4 миң сом болсо да берилип жатат. Бирок ошол мыйзамдын авторлору, сүрөөнчүлөрү ким? Эгерде аны “Кыргызстан” фракциясы сунуштаган болсо бир жөн. Бирок менин билишимче жөлөк пул мыйзамын кабыл алууда «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары лидер болгон жок.

Темирбек Асанбеков, “Мекен ынтымагы” партиясынын жетекчиси:

– Албетте, берилген убадаларды улуттук экономика өнүкпөсө аткаруу мүмкүн эмес. Эң негизгиси , материалдык муктаждыктарды, социалдык маселелерди партия чечет деп ишенген сабатсыз элге туура түшүнүк берүү керек. Партиянын убадасына эмес, мамлекеттик экономиканы өнүктүрүүгө сабаттуу өкмөт түптөө жолу менен биздин партия кыргыз элинин жашоо деңгээлин которуу сунуштарына көңүл буруу керек. Ошондуктан, эл өзү шайлоо убагында өзүнүн татыктуу турмуш маселесин чече турган милдетин аткарган эмес. Курултай аткарылбас жомокторго ишенишкен. Келээрки шайлоодо эл туура чечим чыгарса ар бир жаран өзүн сыйлап жарандык милдетин адилеттүү аткарса парламентте отурган партиялардын бирөөсү да 2020-жылы келбейт!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: