Жогорку Кеңеште 20-сентябрь күнү фракциянын жыйынында ЖЭБ Бишкекте канча жылуулук отуну бар экендиги боюнча маселе көтөрүлдү. Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров, ЖЭБде учурда 98 миң тонна жергиликтүү Кара-Кече көмүрү бар, 2-3 күндөн кийин Казакстандан көмүр келет деп билдирди. Андан сырткары, депутат энерго тармагындагы канча карыз бар экенин сурады. Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров, учурда энерго тармагындагы карыз 103 млрд. сомду түзөт деп билдирди.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ