Menu

Элчи Ибрагим Жунусов Кореянын Өзбекстандагы элчиси менен жолугушту

Бөлүшүү:

18-сентябрь күнү Корея Республикасынын Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Корея Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Кан Чже Квон менен жолугушту. (урмат көрсөтүү визити).

Элчи И.Жунусов Элчи Кан Чже Квонду дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн эзелтеден келген достук мамилелерин белгилеп кетти. Кыргызстандын демократиялык өзгөрүүлөрүнө колдоо жана демократиялык коомду куруу үчүн Корея мамлекетинин колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз тараптын Корея менен соода-экономикалык жактан кызматташууга кызыктар экенин айтып, экология жактан таза азыктарды жөнөтүү зарылчылыгы бар экенин белгилеп кетти.

Эки тарап, Корея Республикасынан Кыргызстанга келген туристтердин агымы көбөйүп бара жаткандыгын канаттануу менен билдиришти. Сүйлөшүүнүн алкагында түз Бишкек-Сеул авиа каттамын, андан тышкары оор жүк ташуу авиа каттамдарын ачуу маселелелери талкууланды. Ошондой эле алдыдагы саясий байланыштардын жана эки тараптын жогорку визити тууралуу кеп салышты. 2007-жылы түзүлгөн “Борбор Азия – Түштүк Корея” дайыма көп тараптуу диалог ийгиликтүү жана өз ара ишенимди бекемдөөгө салым кошкондугун, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара алаканы арттыруу каралган.

Жолугушуунун аягында Элчи И.Джунусов Кан Чже Квонго албан-албан ийгиликтерди  каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: