Menu

Чабал өрдөк эрте учат же шайлоо 2020га старт берилдиби?

Бөлүшүү:

22-сентябрда “Кыргызстан” саясий партиясынын кезектеги съезди болуп өттү. Бул эмнеден кабар берет? Шайлоонун шарапаты башталдыбы? Эрте эмеспи? Же эмне партбосстордо парламент жыл аягына чейин тарап, март айларына шайлоо дайындалат деген кабар барбы? Кийинки съезд өткөрүү кезеги кимде? “Кыргызстан” партиясына дагы кимдер же кайсы партия кошулат? Айтор суроо көп. Съездде каралган маселе төрага Канат Исаевдин төрагалык мөөнөтү аяктап, жаңы төрага шайлоо эле. Съезд сценарий боюнча эле өтүп жатканы көрүнүп эле турду. Дегенибиз, төрагалыкка көрсөтүлгөн талапкерлер ЖКнын спикери Дастан Жумабеков менен фракция лидери Алмаз Баатырбековдор талапкерлигин артка алышып, Канат Исаев кайрадан ээрге олтурду. Съездде алдыдагы боло турган шайлоо тууралуу да сөз болуп, туура 2015-жылы үгүт маалындагыдай эле кулакка кесме илүү операциясы жүрүп жатты. Партиянын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримовдун трибунага чыгып алып, “биздин партиянын аты “Кыргызстан”, моя мечта чтобы наша страна процветала” – деп эки ооз сөздү кыргызча айта албай алаңдаганы эле эмнеден кабар берет? Сөзүндө ишеним жок. Өзү да да ишенбейт. Трибуна туруп алып олтургандарды күлдүрүп клоун болду. Ал: “Бүгүн лидер шайлайбыз, кимди шайлайлы? Үчөө тең достойный, Жумабеков, Исаев жана Баатырбекоы” – деп айтты. Кыскасы, кимисин шайласаңар мага баары бир дегендей эле кылды. Андан кийин ЖК спикери чыгып алып президент Сооронбай Жээнбековду биздин партия жана эл колдоду деп, президент болушуна партиянын салымы зор деп, президенттик шайлоого да “Кыргызстан” партиясын кыпчып кетти. Ошол силердин партияңарды да эл шайлаганын, силерди партия да элдин ичинде экенин эсиңизге салып коелу, урматтуу спикер мырза. Же эмне партия башка эл башкабы? Андан тышкары баягы эле аткарылбаган сүйүнчү 50 миң сом жөнүндө да кеп болуп, кудум 2015-жылы биз бул каражатты каяктан табуунун жолун билебиз дешкендей эле, бул съездде да каржы булактарынын жолун тапкандарын шарданы кылышты. Партия мүчөсү Жумабеков «Биз жакшы мыйзамдарды кабыл албык. Албетте, дагы көп мыйзамдар кабыл алынышы керек болчу. Кыргызда «Ойлогон ойду кыстаган утрмуш жеңет” дейт. Биз дагы да күрөшөбүз. Ошол мыйзамдардын аткарылышына салымыбызды кошобуз. Биз шайлоого аттанып жатканда социалдык тармактарда көп убадаларды бергенбиз. Алар 100 пайыз аткарылбаса да көп ийгиликтерди жараттык.” -деп актанса. Жаңы төрага Исаев: “Шайлоодо берилген убадалардын айрымдары аткарылган жок. 18 депутат менен бардык маселени чечүү мүмкүн эмес экен. Барок, баз алдыбызга чоң максат койгонубуз туура. Алдыга карай умтулуу болушу керек” – деп кутулду. Бирок, силер өзүңөргө керек болгондо 18 депутат менен эле ойду омкоросуңар го. Мисалдай турган болсок, 2015-жылы 4-октябрда шайлоо өтүп, 14-октябрда Кыргызстанга кирген буудай жана ун азыктарына болгон кошумча нарк салыгын алып салган мыйзам долбоорун кабыл алып, өкмөт бюджетке түшө турган каражаттан как калганын. Ошондо партия кожоюну каймана аты “Шаки” башында туруп, Жумабеков колдоп, ошол мыйзамды кабыл алгансыңар. Силердин өзүңөрдүн капчыгыңарды ойлогон мыйзамыңардан канчалаган миллиондор бюджеттен сырт кетти.

“Кыргызстан” партиясынын депутаттарынын кылыктары

Бүгүн биз айрымдарын тизмектейли.

Канат Исаев

Алгач эле партия лидери башкаларга үлгү болгондун ордуна, өзүнө Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси, 233-беренесинин 1-бөлүгү жана 295-беренеси боюнча айып тагылып, камакка алуу боюнча бөгөт чарасы каралган. Кылмыштуу топтун ою боюнча Кыргыз Республакасынын президентин шайлоо күнү, добуш берүү процесси аяктагандан кийин массалык башаламандык, ар кандай чагымдарды уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу максаттары пландалган. Ал шайлоодо эски партаялашы Бабановго буту-бутуна тийбей чуркаганы эсибизде. Ойт берме жагынан алдына киши салбаган көк жал Бабановдон бат эле жүз бурду да, азыркыларзга шынаарлап турган убагы.

Асылбек уулу Дамирбек

Депутат болгончо спорт менен алектенип, бир катар мелдештерден байгелүү кайтып, кийин саясатка баш баккан Асылбек уулу Дамарбек өткөн жылдын 15нен 16-февралга караган түнү Казакстандын 3 областы жана Алмата шаарында күч органдары атайын операцияда кармалган. Бул маалыматты Казакстандын Башкы прокуратурасы тастыктаган. Жалпы 33 адам кармалып, алардын ичинен төртөө Кыргызстандын жараны экени, алардын бири Жогорқу Кеңештин “Кыргызстан” фракцаясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу болуп чыкканы коомчулукту таң калтырды. Бардык кармалгандарга, анын ичинде кыргыз жарандарына казактардын атайын кызматы чек арада жакын аймакта аткезчилик кылып жүргөн дезен кине койг0н. Контрабандалык товар Кытайдан түз кирген. Ошондой эле көмүскө бажы схемалары жана жасалма документтердин негизинде Кыргызстан аркылуу кирип тургандыгын Казакстандын Башкы прокуратурасы маалымдады. Бүгүнкү күндө сот иштери жүрүп жатат.

Урмат Самаев же чемпион

Токмоктогу кырзыз-казак чек арасында атышуу болуп, андагы окуяда депутат Урмат Самаевдин кулагы чыгат. Ал боюнча депутат; “Менин чырга эч тиешем жок. Болгону, андагы балдарды жалпысынан тааныйм. Аскат деген бала менен бир мектепте окугам. Дастан болсо алысыраак тууган. Эми кыргыздар сурашсак баарыбыз эле тууганбыз да. Бул жерде саясий оюндар эле болуп, мага кезек келип жетти окшойт. Андан мурдагы күнү “Аргымак” федерациясына Президент болуп шайландым. Чүй-Токмок элинин маселесин көтөрүп жүрөм. Кайсы бар саясий атаандаштар мени окуяга жок жерден аралаштырып, каралап калуу аракетинде болуп жатат” – деген. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей “Чемпиондун” кулагы ал жерден жөн чыккан жок.

Айтмамат Назаров

Партиянын дагы бир атактуу экс-депутаты, азыркы энергохолдингдин жетекчиси боюнча да бир топ сындар айтылып жатат. Алсак ‘Жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат же Айтмамат мырза чын эле электрикпи? – деген суроолор берилип, мурда-кийин электр тармагында иштебеген, “кокту кийип карагайдын башына чыкпаган, а түгүл канчадан бери «лампочка» алмаштырып көрө элек Айтмамат мырза кантип иштеп атты экен?Өткөн аптада күз-кыш меселесине карата даярдык боюнча фракцияда КСДПнын депутаттары бир топ эле алаңдатып койду.

(уландысы кийинки санда)

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: