Menu

Атамбаев 7 жылда орнотуп кеткен коррупциялык система түп тамыры менен кыркылыш керек

Бөлүшүү:

Мамлекетти талап-тоноп, элибизди бөлүп-жарып, кан төккөн Атамбаев сый-урматка татыктуубу?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мыйзамга баш ийбей, укук коргоо органдарынын суракка чакыруусун тоготпой, акырында үйүнө барган “Альфанын” кызматкерлерине ок чыгарып, спецназ Үсөн Ниязбековдун канына колу жуулуп камакка алынган. Бирок буга чейинки 2010-жылкы Атамбаев уюштурган революциядагы 90 баланын каны да АШАнын абийиринде!

Ошентип ал абакта отуруп байкуш көрүнүп атса, чындап эле Атамбаевди жана анын үй-бүлөсүнөн акча үмүт кылып Кундуз Жолдубаева, Ирина Карамушкина экөө “Жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп дагы беш жалданма жүгүрүкчү дүжүр катындардын коштоосунда митингге чыгат имиш.

“Биз бийликке баш ийбейбиз, биз акырына чейин турабыз!” деп куру намыс менен чуркап жүрүшөт.

Ураттуулар, силер эчак баш ийдиңер. Силер акыркы аялдамага келип токтодуңар. Андан ары жол жок! Айланаңды кара экөөң эле калдыңар. Кодуранова – Бабановдун сөзүн сүйлөп, ырын ырдап колтуганан акырын жылуу жай тапканды көздөп жүрөт.

Мискенбаевиңер болсо ачык эле “Атамбаевге чала болот, аны түрмөгө отургузуу аздык кылат” – деп чыкты. Орусиянын псих диспансеринде каттоодо турган ыйлаак Темирлан Султанбеков болсо, кайра Москвага качып кетти. Дарыланчу убагы келип калганбы айтор аркасын карабай качты.

Эми силер эмне үчүн же ким үчүн күрөшкөнү жатасыңар? Силер жоксуңар тагыраагы жок калдыңар! Утулдуңар!. Ушундан улам суроо туулат: “Биз Кыргызстанды талап-тоноп, белчесинен карызга батырып, өздөрү эсепсиз байып алгандарды алпештеп колдой берсек. Анда кантип өнүгөбүз?”

Чын эле кантип Атамбаевди аеого болот? Кайсыл кылган жарыткан иши үчүн башынан сылап урмат-сый көрсөтүп куттуктоого болот?

Алты жыл мамлекет башында туруп өлкөбүздүн тышкы карызын 3 млрд долларга көбөйткөнү үчүнбү? Же чет мамлекеттерден ири долбоорлор үчүн алынган жүздөгөн миллион долларларды өзүмдүк кылып алганы үчүнбү? 2009-жылы эле 200 млн долларга бүтүрүп беребиз деп сунуштаган кытайлык ТВЕА компаниясы АШАнын доорунда ошл эле ТЭЦти 386 млн долларга бүтүрүп атат. Анан кантип 3-4 жылдын ичинде ТВЕАнын  кызматы эки эсеге көтөрүлүп кетти деген суроо жаралбайбы? Атамбаевдин убагында ишке ашкан жана башталган ири долбоорлордун баарында ушундай коррупциялык жагдай байкалып турат. Ошон үчүн аны аяйлыбы?

АШАнын убагында сын жазган ММКлар жана журналисттер миллиондогон доолорго жыгылганы эсибизде. Ошондо ал журналисттерди аяды беле? Ага каршы сын айткан саясатчылар негизсиз, далилсиз айыптоолор менен камакка алынып, эрктеринен ажыратылганда аяды беле? Кимдир бирөөлөрдүн тагдырын талкалап атам деп ойлогонбу? Ойлогон эмес. Ал эми бийликтен кеткенден кийин да жаңы бийликти үстүнөн башкарып тургусу келгени, ИИМдин тергөө кызматынын суракка чакыруусун тоготпогону, үйүнө барган “Альфанын” кызматкерлерине ок чыгарып, бир спецназдын өлүмүнө алып келгени аеого татыктуу аракетпи? Анан дагы ал коррупциялык иштеринен жазасыз кутулуу үчүн элди бөлүп-жарган аракеттерди жасаганын кандай кылабыз?

Ушунун баарын көрүп туруп Атамбаевди аяп жаткандарга “жол болсун” аяп гана тим болбостон, аны тим эле баатырларча же бир Кыргызстандын өнүгүүсүнө ополтоодой чоң салым кошкон кишиче туулган күнүнүн урматына аны коомчулуктун назарын буруп куттуктоо — акылга сыйбаган жорук.

Мындай өз өлкөсүнүн, өз элинин кызыкчылыгын керт башынын кызыкчылыгына тебелеткиси келген саясатчыларды аяй берсек, канкорлугуна көз жумуп коомчулукка чыгарып кубаттап, болгондо да аянтта белгилеп куттуктаганга мэрия уруксаат бербеши керек! Анда, кийинки муунга биз ушинтип элиңди тоно, жериңди сатғ жоокериңди ат! Ошондо сага да мына ушундай эбегейсиз сый-урмат  болот деген түшүнүктү сиңирген болуп калабыз.

Тауман Байсултанов

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: