Menu

Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу Екатеринбургда КР мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган кече өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 23-сентябрда Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 30 жылдыгына арналган кече өткөрүлдү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу тарабынан уюштурулуп, РФ Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономика министрлигинин, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы Өкүлчүлүгүнүн, «Кыргызстан-Урал» жана башка жергиликтүү диаспора уюмдарынын, Свердлов облустук жазуучулар союзунун өкүлдөрү, ошондой эле шаардын чыгармачыл жана илимий интеллигенциясы, кыргызстандык студенттер катышты.

Кеченин алкагында Кыргызстан тууралуу видео-түрмөктөр жана викторина, ошондой эле, мамлекеттин залкар инсандары тууралуу эсселерди окуу уюштурулду. Викторинанын жана мыкты эсселер конкурсунун жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун атынан кыргыз классик жазуучуларынын тарыхый китептери жана башка белектер менен сыйланышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: