Menu

“Кыргызалтын” ААКтын жетекчиси Алмаз Алимбековдун алкымын ким тыят?

Бөлүшүү:

Эгемендик алганыбызга 28 жылдан бери коррупция менен кармашып келебиз. Улам жаңы келген президент деле жанталаша коррупцияны жоюуга милдетин ала коюшуп, акыры коррупция менен кармаша албай, өзү коррупциянын торуна чалынып качканы  качып, калганы атышып отуруп түрмөгө камалып отурат. Сооронбай Шариповичке деле коррупция менен кармашуу оңойго турбайт, бирок прогрессивдүү активисттердин коңгуроосуна маани берип турбаса, коррупция менен кармашуу натыйжасын бербейт, өзү чалынып калышы мүмкүн. Чындыгында көзөмөлсүз каражат пайда табунун эсебинен ак үй, көк үйдөгүлөр криминалдашып кеткени, өлкөгө коркунуч туудурбай койбойт, токтотпосо жеткен чегине жетти.

Мен ААК “Кыргызалтындын”  эбегейсиз ууручулукка жол бергендиги жөнүндө далилдүү фактыларды келтирип жазып келгем. Бирок бири дагы АКК “Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Мусаевге юридикалык баа бербей келет. Болбосо А. Алымбеков мамлекетке ири зыян келтиргендин бири. Сооронбай Шарипович, адамдын үмүтү акырына чейин үзүлбөйт тура, ошондуктан кайра сизге кайрылууга туура келди.

Сөзүм куру болбос үчүн фактыларды келтире кетейин. СССР тарап, бардык өндүрүштөр токтоп калган кезде Ак-Түздөгү кен ылгоочу фабрика дагы банкрот болуп, мүлк фонду аркылуу сатыкка коюлат 1998-жылдары.

Аукциондон “Голден Сильва” деген компания утуп алат. Компания тез аранын ичинде фабриканы заманбап шаймандар менен камтып, модернизация кылып, өндүрүштүн кубаттуулугун бир эсеге чоңойтот. Фабрикага кен коругун камсыз кылыш үчүн “Куран Жайло” компания түзүп, үч даражадагы участкаларды мыйзамдаштырып алып, фабриканы иштете баштайт. 2005-жылдагы Кыргызстандагы төңкөрүш, кийин Максим пайда болуп, Максимге Березовскийдин өнөктөшү белгилүү Босов деген Россиянын олигархы кайрылат. Босовдун өтүнүчүн аткарууга ошондогу Геологияны башкарган Капар Зарлыкович менен Максим рейдерлик амал түзүп, Ак Түздөгү иштеп жаткан фабриканы “Голден Сильва” жана “Куран Жайлдон” рейдерлик жол менен тартып алуу амалдарын жасай башташат. Алдын ала эки компания  “Гео Ресурс” жана “ТК Резерв” түзүшүп, “Голден Сильва” жана “Куран Жайло” компаниянын жетекчисине басым жасап, банкротко алып келишет. Иштеп жаткан компанияга Максим Бакиев өзүнүн эки шылуун ликвидаторун Милошенко жана А. Алимбеков (Азыркы Кыргызалындын жетекчиси) жиберет. А. Алимбеков, Милошенко Максимдин буйругун көз боёмо чала-була кылып эки компанияны банкрот кылып беришет. 2008-жылы фабрика менен кен жайгашкан жерлер Босовдун түзгөн компаниясына толук кандуу өтүп кетет. Ал эми “Голден Сильва” жана “Куран Жайло” генералдык директору Мусулманкулов Эсенжан акыйкат издеп, түз иштеп келаткан компаниясын рейдерлик жол менен тарттырып жиберген туралуу сотко, прокуратурага арыз менен кайрылып келет.

Бакиевдин учурунда албетте акыйкатка жете албайт. Бирок, ошо кезде прокуратура тергеп келип эле, кылмыш иштер белгисиз себептер менен токтоп калган, кийин 2010-жылдан Э. Мусулманкулов Атамбаевдин бийлигинде дагы акыйкатка жетпей келген. Сооронбай Шарипович келгенден бери муз ордунан жылып, 13 жылдагы рейдерлик кылмыш иштер ачылып отурат. Азыркы убакта тергөө иштери бүтүп калды. Көрсө ошо Максимдин убагында чала бүткөн тергөө иштери архивде катылып жаткан экен. Соттор дагы билмексенге салып, сот жараяндары дагы көз боёмолук менен өтүп жаткандыгы маалым болду.

Өлкөдө мыйзам үстөмдүгү орнобосо кылмышкерлер мамлекетке ири зыян алып келиши барып турган иш. Муну туура түшүнүү менен кабыл алышыбыз керек. Ири кылмышка аралашкандан улам эбегейсиз байлыкка ээ Алмаз Алимбеков азыр дагы мамлекетке ирим зыян алып келүүдө. Эмне себептен жаңы курулуп жаткан комбинаттар өрттөнүп жатат. Солтон Сарыдагы, Чаткалдагы, Кадамжайдагы нааразычылыктын кесепетинен мамлекет экономикалык кургуйга учурады, ошондой эле инвесторлорго кордук көрсөтүп ири экономикалык зыян алып келүүдө.

Өкмөт туура анализ жүргүзүп, акыйкат юридикалык баа берүүгө милдеттүү эмеспи. Бардык ири кылмышта Алмаз Алимбековдун кулагы чыга келет. “Чимкирик парламент” дагы бир чара көрбөй келгени өкүнүчтүү. Ири кылмыштын “чечекей ээси” Алмаз Алимбеков феномен экенине таң калбай эле коёлук, акчасы көп болгондуктун эле белгиси… Ошон үчүн азырынча маңка эмес, танка болуп гүпүлдөп жаткандагы кербези. Качанга чейин десең…

Качкынбек Булатов, укук крраоочу

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: