Menu

Өзбекстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу иштен алынды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Эктор Купер иштен алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол ассоциациясы кабарлады.

Аргентиналык адис Өзбекстандын улуттук курамасын өткөн жылы августтан бери машыктырып келген. Анын жетекчилиги менен команда 2019-жылкы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалда Австралияга пенальтиден утулуп, мелдештен четтеген.

«Өзбекстандын футбол ассоциациясы Эктор Куперге жана анын штабына курама командадагы иши үчүн ыраазычылык билдирип, кийинки иштерине ийгиликтерди каалайт», — деп жазылган ассоциациянын билдирүүсүндө.

Азырынча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузгандыгы үчүн өзбек тарап аргентиналык адиске канча компенсация төлөп бере тургандыгы белгисиз. Ошондой эле азырынча Купердин ордуна кайсыл машыктыруучу дайындалары айтыла элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: