Menu

Ширин Айтматова ун мафиясын ачыкка чыгарды

Бөлүшүү:

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жалгыз кызы, “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Ширин Айтматова мандатын тапшырып (эмне себептен экендигин да айткан эмес жана коомчулук билбейт), көпкө саясат айдыңында көрүнбөй калгандан кийин жылдыздай болуп кайра жарк эте түштү. Ширин кыз болгондо да “Ун мафиясы” тууралуу 15 минутага жакын элге кайрылуу жасады. Анда азыркы депутаттар шайлоого корогон акчасын кантип он эсе кайтарып алып жатышканын айткан.

Анын маалыматы боюнча, учурда парламентте отурган партиялар Кыргызстанга дан ташып кирүүдөн кошумча нарк салыгын алууну жокко чыгаруучу мыйзам долбоорунун арты менен 650 млн. сом акча табышып, аны менен шайлоого кеткен акчаларын кайтарып алышкан.

Ошол эле учурда Ш.Айтматова өзү тарабынан түзүлгөн “Үмүт – 2020” кыймылын түзгөндүгүн, келерки парламентти коррупцияга малынган депутаттардан тазалоо үчүн жаштарды катарына кошулууга үндөө менен кайрылуусун аяктаган.

Жогорку Кеңештеги аты аталган олигарх-депутаттар Ш.Айтматованын бул “бомбасын” катардагы “беш өрдөк” катары баалап, колдорунан келишинче актанып жатышат. Адатта журналисттер өзүнүн дарегине карата бир тамганы эле туура эмес жазып койсо, төө бастыга алып, тегирменден “обработка” кылып чыгара койчу экс-спикер Чыныбай Турсунбеков деле “мени кимдер гана жамандаган жок…”,- дегенден башка жарытылуу жооп айта албады.

Баарынан да баардыгыбыздын башыбызды “Үмүт-2020” кыймылынын артында Ш.Айтматованын атасынын жолун улантып, өз мекени үчүн чындап күйүп-жанган мекенчилдик сезими турабы же шайлоолордун алдында “ички же сырткы күчтөрдүн каржылоосу аркылуу будуң-чаң уюштурганы жатабы?”- деген суроо оорутууда…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: