Menu

Жаңы ажы Саматбек Ибраевдин жосунсуз жоруктары тажатты…

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси “Саякбай манасчы” фондунун башчысы Саматбек Ибраев жайында ажылык сапарга барып келгени белгилүү.

Ошондон улам, эске айылдык досум Байдыке менен, мындан жарым жыл мурда орун алган аңгемелешүүбүз эске түштү.

– Ээ досум,- дейт ал, – мен бул айылдан көчүп кетпесем болбой калды. Имам баш болуп бүгүн беш маал намазга үндөп кыдырган адамдардын баары кечээки алкаштар. Ошолор акыл үйрөтүп үйүңө келсе каңырыгың түтөп кетет экен да…

– Ой, мунун эмнесине жиниң кашаят, оңолуу жолуна түшсө түшкөндүр да, жиндилигин коюп, айылга чуу салбай, жакшы жүрсө сага да жакшы эмеспи, – дедим мен жактырбай.

– Кептин баары ошондо болуп жатпайбы! “Молдонун айтканын ук, кылганын кылба!” дешсе түшүнчү эмесмин. Анан кантип булардын намазы кабыл алынып жатат шайтан алгыр! Сүннөткө олтургузганда, бирөө өтүп кетсе куран окутканда.. өзүнчө такса кылып алышыптыр. Бирок, менин орустар айтмакчы, “чаша терпениямды” тээтиги Мажит ава, имамдын орун басарынын ажыга барып келгенден кийинкиси үздү. Таксасы ошол замат өскөнү го мейли, бирок, жашынып алып карта ойногону, элге олчойгон үстөк менен кредит бергендиги кайсы акылга сыят. Ошондон улам мен ойлоп калдым, бу ажылыкка барган адамдар дагы экиге бөлүнөт экен: чын дилден, жараткан Кудай таалама таазим этип баргандар жана алдамчылыгын, шылуундугун элден “ажы” деген аттын артына жашыргысы келгендер…- деп Байдыке мени дагы терең ойго салган.

Менин эсиме Умрадан келгенин куттуктап барсам, “эми бул кичи ажы да”- деп “Белуга” менен тосуп алып, кошо ичкен бир депутат байкем, андан кийин акча дегенде шайтанды дагы дос кылып алуудан кайра тартпаган, а бирок энесин дагы сатканга даяр бир “бизнесмен” эсиме түштү. Байдыке досум айткандай, булар: “алдамчылыгын, шылуундугун элден “ажы” деген аттын артына жашыргысы келгендердин” катарына кирет да.

Кепти алыстан баштаган себебибиз, Саматбек Ибраев дагы ажылык сапарга барып келди. Негизинде, ажылык сапарга барарда адам баласы бирөөгө кыянаттык, жамандык кылса, же көңүлүнө тийген жаман сөз айтып койсо алдынан өтүп, кечирим сурап, тазаланып алуусу кажет. Мына ушул ишти Саматбек байкебиз жасаганбы? Буга барбаса, анда анын ажылык сапары кабыл алынабы?

Массалык маалымат каражаттарында буга чейин айтылып келгендей, Саматбек Ибраев жыл башынан бери он жылдан ашуун чогуу бизнес жасап келе жаткан өнөктөшүн “кидала” кыла албай убара чегүүдө. Чырдын башы дагы өзүнө байланыштуу. Анын өнөктөшү – Майрамкул Шабданов ортодогу каражаттардын ыксыз пайдаланылып жатканынан шектенип калган. Анткени, С.Ибраев “Саякбай”, “Легенды” фильмин тарттырса, баласы футбол клубун каржылай баштаган. Кайдан-жайдан эле Ибраевдер жаңы унаа, квартиралуу боло баштаган. Анын үстүнө С.Ибраевдин баласы фирманы жалгыз башкарып, өнөктөштөрдү жолотпой жатса… Мунун баарына эмне себеп болуп жатканы кийин түшүнүктүү болду: Ибраев жасалма жол менен фирманы банкроттукка алып барып, өнөктөшүнүн үлүшүн дагы тартып алууну көздөгөн. Мунун таптаза рейдерлик деп коюу керек.

Мына ушуга тынчсызданган Майрамкул Шабданов өнөктөшүнө кайрылып, ишканага аудит киргизүүнү талап кылган. Шабдановдордун үлүшү бул жактан, экинчи жагынан, фирманы өнүктүрүү үчүн 3 миллион доллар кредит алынып, банкка күрөө катары Майрамкул мырзанын туугандарынын үй-мүлктөрү коюлган. С.Ибраев бирок, буга макул болбой, ээ-жаа бербей кача баштаганда, өнөктөшү айла жоктон прокуратурага, Финполго “аудитке тоскоолдук кылуу” фактысы менен кайрылган. Өнөктөшүнүн кайрылуусу ушул күнгө чейин чаң жугуп жатат, анткени, “Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси” чалганда, баарынын жүрөгү түшүп, кыймылсыз болуп калышууда. Ички иштер министрлигине да кайрылууга мажбур болушкан. Ал жакты дагы “дымытып” койгон окшойт, жылыш болбойт. Ой, булар минтип “ЖК аппарат жетекчисинен” коркуп олтурса, коррупцияга каршы күрөш кайда кетет?

Ажыга барып келгенден кийин, өтө урматтуу адамдардын көзүнчө, Саматбек Ибраев өнөктөшү менен маселени адамгерчиликтин чегинде чечүүгө убада берген экен. А бирок, ал убадасынан да тайып, урматтуу адамдарды дагы уят кылды…

Менин жүрөгүмдү бул окуядан кийин бир суроо эзгилеп, тынчтык бербей келе жатат: ошондо Саматбек Ибраев ажылык сапарга эмне максат менен барды? Аферистикке окшошо баштаган бул ишин бир жактуу кылууга шашпай, ак ниеттүү өнөктөшүн “кидала” кылганы жатса, анын ажылыгы Алла Таалам тарабынан кабыл алындыбы? Анан да, прокуратура, Финпол, ИИМ жетекчилиги, эмнеге сиздер карапайым адамдардын кайрылуусуна көңүл бурбайсыздар? Сиздер биринчи кезекте элге кызмат кылышыңыздар керек го? Же мамлекеттик саясатка каршысыздарбы?

Мамытбай Байдалиев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: