Menu

Аскар Шадиевдин кызы атасынын мүлкүн камактан чыгаруу аракетин көрүп…

Бөлүшүү:

17-сентябрда Бишкек шаардык сотунда С. Шадиева аттуу жарандын мүлк боюнча иши каралып, буга чейинки Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарылган чечим чыкты. Ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу тууралуу доо арызды кароо токтотулган. Тактап айтканда Саадат Шадиеванын мүлкү камакта калды.

Ал Америкага качып кеткен Аскар Шадиевдин кызы. 19-июлда Биринчи Май райондук соту Саадат Шадиеванын Башкы проркуратурага жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке карата мүлкүн камактан чыгаруу боюнча доо арызын канааттандырган болчу. Кеп «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайы тууралуу болуп жатат. Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиев кылмыш иши козголоор алдында бул ишканадагы үлүшүн башкага өткөрүп берген. Шадиевдин кызы камакка коюлган мүлктү чыгарууга аракетин көптөн бери көрүп келет. 2018-жылдын 25-декабрында Биринчи Май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: