Menu

Айсулууну татыктуу тосконго жарабадык… Аманкулов аман эле болсунчу

Бөлүшүү:

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Казакстандын борбор шаарында кыргыз спортунда буга чейин боло элек тарыхты алтын тамгалар менен бадырайта жазып салды. Маалым болгондой Кыргызстанда ушул мезгилге чейин күрөш боюнча эч ким дүйнө чемпиону боло элек эле. Эми дүйнө чемпионубуз бар. Ал Айсулуу Тыныбекова. Нур-Султан шаарында кезектеги дүйнө чемпиондугу боюнча спорттук иш-чара 14-сентябрда башталган. Бул наамга ат салышкан биздин 22 спортчубуздун далайы четинен утулуп калышты. 19-сентябрда Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмак боюнча төрт таймаш өткөрүп, баарын ири эсеп менен утту. Алгач мексикалык балбан Александар Ромерону 8:0гө, андан соң япон балбаны Якако Кавайдын далысын килемге басып, таза жеңди. Ал эми кийинки беттештерде Кореянын балбаны Жоң Сим Римди 7:0 эсеби менен, Украина балбаны Юлия Такач Остапчукту 9:6 эсеби менен жеңилүү ызасын тарттырып, финалга чыкты. Финалда Болгариянын балбаны Тейбе Мустафа Юсейин менен беттешти. Тейбе айым да болуп, күчкө толуп турган чагы экен. Ал учурдагы дүйнөнүн жана Европанын чемпиону болчу. 2012-2013-жылдары дүйнө чемпиондугунун күмүш, 2014-жылы коло медалын жеңип алган. Ал эми 2018-2019-жылдары Европанын чемпиону болгон. Мына ушундай күчтүү айымды биздин балбан кыз 5:3 менен жеңип, дүйнө чемпиондугунун курун жана алтын медалын тагынды. Спорттун күрөш боюнча түрүндөгү мындай бийиктикке Кыргызстандан биринчи болуп Айсулуу Тыныбекова жетти. Буга чейин биздин мамлекеттен дүйнө чемпионатынын финалына эки гана балбаныбыз жеткен. Бирок алтын эмес, күмүш медаль алышкан. Алар Канат Бегалиев жана Жоламан Шаршенбеков. Бул биринчи маселе дейли.

Экинчи маселе катары Айсулууну тосуп алуу иш-чарасын айталы. Баарыбыз эле ооз көптүрүп, куру сөз менен көкөлөтө бергенди жакшы карөбүз, иш жүзүндө ошол айткан сөзүбүзгө жараша мамиле кылбайбыз. Айсулуу дүйнө чемпиону болгондо жаңы тарыхты жазып салды деп укмуш сүйүнгөнүбүз менен, аны аэропорттон татыктуу тосуп алууга жарабадык. Айсулууну 21-сентябрь күнү кечке маал аэропорттон тосуп алууга ашып кетсе 100дөн ашуун адам барды. Алардын башында бийликтен президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замир Аскаров жүрдү. Спорт тармагын тейлеген министр Канат Аманкуловдун өзү жок. Орун басары жүргөн болду. Баарынан жаманы, жагымсызы Айсулууга миңдеген патриоттордун барбаганы жаман болду. Буга чейин ал миңдеген патриоттор “Манас” аэропортуна Кыргызстанга кавказдык мушкер Хабиб Нурмухаммедов, андан кийин Валентина Шевченко, анан Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда биринчи жолу ойноп, Филиппинди утуп келгенде да жабалактап барышкан. Бул ирет барышпады. Бул маселеде өкмөттө да күнөө бар. Күн мурунтан Айсулуунун кайтып келээр убактысын так айтып, бара тургандарды уюштурушу керек эле. Баса, Эсеналиев менен Аскаров койкоюп эле өздөрү барышкан. Өкмөт башчы болсо Айсулууга деп 100 долларлык барпайган кучак гүл берип жиберген экен. Ал эми Айсулуунун кочкорлук жердештери, мурунку вице-премьер министр Айгүл Рыскулова, ырчы Акбар, жарандык активист Эрлан, Мирбек ж.б. Айсулуу үчүн Лимузин машинасын даярдашып, ал Лимузинди МАИ унаасы коштоп барган. Мына ошолордун ал унааны айдатып барганы абийир болуптур. Эсеналиев, Аскаров деген чоңдор Айсулуу баштаган балбан кызды ошол машинага олтургузуп, Бишкекке алып келишкен. Дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын желегин желбиретип, мамлекетибиздин атын ааламга даңазалап жаткан Айсулуунун ийгилигине бийлик мынчалык кайдыгер карабай, тосуп алуу иш-чарасын татыктуу өткөрүп койсо болмок. Айсулуунун кыргызга күйбөгөн, кыргызды сүйбөгөн Хабибден, атактуу Шевченкодон, дүйнө чемпиону эмес, али Азия чемпионатында ийгилик жаратыша элек футболчулардан эмнеси кем? Кыскасы, бул жагы шалаакылык иш болуп калды.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: