Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында мектептеги башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштуруп берүү маселеси каралып, талкуу болду. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова баш болгон өкүлдөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.
Депутат Наталья Никитенко мектептердин 40 пайызында ысык тамак жок экендигин, алар болгондо да авариялык абалдагы жана контейнер мектептер экенин баса белгилеп айтты.
Надира Жусупбекова учурда бардык мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча аракет көрүлүп жатканы менен бул маселеде көйгөй бар экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы 652 мектепте ысык тамак берилбей жатат, ал мектептерге таттуу токоч менен чай гана берилет.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 2265 мектептин 1371инде башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурулган. Республикалык бюджеттен ар бир бала үчүн 7 сом (кадимки райондор үчүн), ал эми алыскы райондордогу ар бир окуучуга 10 сомдон бөлүү каралган. Мектеп тамак-ашына 600 миллион сом бөлүнгөн. Дагы кошумча 88 миллион сом каралган.
Депутат Бактыбек Турусбеков: “7 сомго баланын курсагы тоебу? Тамак-аш текшерилеби? Эгер эртең балдар ууланып калса, ага ким жооп берет?”,-деген суроо узатты эле, министрликтин өкүлдөрү мектептин жетекчиси жооп берээрин айтты. Ал эми тамак-ашты текшерүүлөр толтура экенин билдирди. Алар: мектептин администрациясы, мэрия жана албетте ата-энелер.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ