Menu

Профсоюздун “монстрлары” мамлекеттин мүлктөрүн сатып, миллиондорду жеп жатышат

Бөлүшүү:

“Багыт” гезитинин өткөн санында профсоюздун коррупциялык иштерге аралашты делип эл арасында айтылып жүргөн жетекчилери: Сагын Бозгунбаев, Бакыт Иманалиев, Иманкадыр Рысалиев, Канат Осмонов дегендердин “ийгиликтүү” иштерин ирети менен жазылган. Ал макалада Профсоюзга караштуу Бишкектеги “Саякат” мейманканасын 2007-2009-жылдары Кыргызстан профсоюздар мейманканасын башкарган, ошол эле учурда Бакиевдин “Ак жолунан” Жогорку Кеңеште депутат болуп, эки кызматты мыкчып турган Бакыт Иманалиев деген 49 жылга “менчиктеп” алганын, учурда ал мейманкананы кытайларга кайра ижарга берип салып, айына 30 миң долларга чейин пайда көрүп жатканын, ал эми Профсоюзга болгону айына 120 миң сом төлөп жатканын жазылган. Бул жерде тактап койчу маселе азыр “Саякат” мейманканасы мейманкана катары иштебей эле, башка бир багытта иштейт экен. Кытайлар мурунку мейманкананы эмне багытта иштетип жатканын деле коомчулук билбейт. Өздөрүнчө жашыруун багытта иштеп жаткандай…

2012-жылы Кыргызстан профсоюздар федерациясына Асылбек Токтогулов шайланган. Бул адам көп жылдан бери КПФда Билим берүү тармагы боюнча комитеттин төрагасы болуп келген. Азыр да төрага…

Токтогуловдон кийин КПФга төрага болуп көп жыл “Достук” мейманканасын жетектеп келген Жанадил Абдырахманов деген шайланган. Ал бир жыл, 3 айдан кийин кызматтан алынган. Анын үстүнөн да үймөлөктөп арыз жазгандар аз болгон жери жок…

Жаңы мыйзам кабыл алынса, КПФ тазаланып, тартип орнойт!

Абдырахмановго ишеним көрсөтүлбөй калгандан кийин КПФнын Ысык-Көл областтык профсоюздук комитети азыркы жетекчи Мирбек Асанакуновду сунуштап, 28 адамдан турган Кеңеш Асанакуновду 2017-жылы шайлашкан. КПФда өмүр бою иштеп, ал мекеменин жана мекемеге караштуу жерлердин коён жатагына чейин билип, мүлктөрүнө чейин мүлжүп, укмуш байып жаткандардын басымдуу бөлүгү депутаттар демилгелеп жаткан мыйзамга, ал мыйзамды колдоп жаткан Асанакуновго, деги эле азыркы жетекчинин тартип орнотуу аракетине караманча каршы болуп келишет. Эмнеге дегенде, эгер депутаттар жакын арада профсоюздар тууралуу мыйзамды колдоп, аны президент жактырып кол койсо, анда профсоюзда 28 адамдан турган Кеңештин өзүм билемдиги, 28 жакка тарткан аркан тартыш оюнуна чек коюлуп, кадимкидей катуу тартип орнотууга, тазаланууга кадыресе жол ачылат.

Көмүскөдө көмөлөнгөн миллиондорду эч ким текшере албайт…

ЖК депутаты Марлен Маматалиев жакында 1 пайыздык взностон 600 миллион сомдон ашуун каражат чогулуп жатканын маалымдаган. Бирок ал акчанын эсебин алган, кайсыл ишке, кандай коротулганын эч ким билбей турганын айткан. Бул акчаны ошол 19 комитеттин (19 комитеттин өздөрүнө ылайыктуу 19 башка уставы бар) жетекчилери жең ичинен бөлүшүп жатабы, же башка кылып жатабы, айтор бул жагын федерациянын жетекчиси да, Эсептөө палатасы да текшере албайт. Анткени, уставдарына мамлекеттик органдар комитеттерди текшере албайт деп жазып, өздөрүнө ылайыктап жазып алышкан. Профсоюздар боюнча жаңы мыйзам кабыл алынса, мындай өзүм билемдиктердин баарына бөгөт коюлуп, башкаруу бир адамдын колунда болуп, ошол адам баарына жооп берип калат. Маселен, 2000-жылдарга чейин тармактык профсоюздук комитеттердин жетекчилери КПФнын төрагасына баш ийип, баардык маселе боюнча отчет берип келишкен. Бозгунбаев КПФны башкарган учурдан тартып, алар эч кимге баш ийбей, мамлекет чогултуп берип жаткан миллиондорго да отчет бербей, өздөрүн өздөрү билип калган. Анан калса, өздөрүнө 100 миңден кем эмес олчойгон айлыктарды коюп алышкан.

92ге чыккан Абакиров “Достукка” өзүнүн атын коюп алган 

Депутаттар профсоюздагы адамдар 90дон ашып, гөлөчүн кийе албай калганча иштеп жатканын айтты эле. Мына ошол адам Абакиров. Бул адам союз учурунда Т. Усубалиев менен жакшы мамиледе болуп КПФны 20 жылдан ашык башкарган. Андан кийин “Достук” мейманканасын жетектеген. Жетекчилик кызматтан кеткенден кийин да комитеттердин бирин колго алып, ушул жылдын жай айларына чейин кетпей иштеп жүрдү. Профсоюздагылар бул аксакалды кызматтан араңдан зорго кетиришти. Быйыл 92 жашка толуптур. Бишкектеги айтылуу “Достук” мейманканасы жаңы курулганда 100 пайыз КПФга караштуу болуп келген. Бирок кийин жегич жетекчилер жең ичинен соодалашып жатып, дээрлик тең жарымын башка адамдардын колуна өткөрүп жиберишкен. Акыркы маалымат боюнча бул мейманкананын 54 пайыз акциясы эле КПФга тиешелүү. Башка акциялар Абакиров, Кененбаев дегендердин колуна өтүп кеткен. Эң кызыгы, Абакиров быйыл жазында “Достук” мейманканасына өжөрлөнүп жатып, өзүнүн атын койдуруп алган. Бул жагы кайсыл акылга сыят?

Бүгүнкү күндө КПФнын 19 тармагын башкарып жаткандардын көбү сакалдуу адамдар. Негизи алар эчак небере жытын жыттап үйлөрүндө олтурушу керек эле. Маселен, маданият тармагы боюнча комитетти тескеп жаткан Кыдырбаева Анаркан 76 жашта, саламаттык сактоо тармагы боюнча комитетти тескеген Салиев Накен 74 жашта, курулуш тармагы боюнча комитетти тескеген Султакеев Токтогул 72 жашта, Сурлеевич деген 75 жашта, билим берүү комитетин калчаган Токтогулов 65 жашта, токой чарба тармагын тескеген Осмонов 66 жашта. Жаңы мыйзам кабыл алынса, ал мыйзамдын негизинде комитет жетекчилери 65 жашка чейин эле шайланып калат. КПФнын аксакалдарынын жанталашып жаңы мыйзамга каршы чыгып жаткан бир себеби да мына ушул маселе…

(Уландысы бар)

Айбек Шамшыкеев

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: