24-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Президенти Петер Маурер менен жолугушту . Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, эл аралык гуманитардык укук, өзгөчө кырдаалдар, пенитенциардык системалар жаатында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.
2004-жылдан бери пенитенциардык системада кургак учук менен ооругандарды дарылоо боюнча жалпы камтыган жана туруктуу программаларды орнотууда Комитеттин көмөк көрсөтүүсү өзгөчө белгиленди.
Ошондой эле маектин жүрүшүндө кыргыз тарабы табигый кырсыктарда жана башка өзгөчө кырдаалдарда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жаатында билимдерди жогорулатууда КРнын бардык региондорундагы дарыгерлерине жана укук коргоо мекемелеринин өкүлдөрүнө колдоо көрсөтүүдөгү, ошондой эле камактагылардын алардын тууган-туушкандары менен үй-бүлөлүк байланыштарын колдоодогу жана Эл аралык гуманитардык укук жөнүндө билимдерди жайылтуу үчүн зарыл жөндөмдөрдү өркөндөтүүдөгү ЭКККнын ролун баса белгиледи.
Ч.Айдарбеков Кыргыз Республикасы менен ЭКККнын ортосундагы мындан аркы үзүрлүү кызматташтыкты улантууга ишеничин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ