Menu

Кой-Таш окуясы боюнча абакта отурган Фарид Ниязов жубайы менен жолугат

Бөлүшүү:

Бишкектеги СИЗО-1де отурган Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, эң жакын адамы Фарид Ниязов бүгүн жубайы менен жолугат. Бул тууралуу ЖАМК билдирди.

Алардын айтымында, абактагылардын туугандары ИИМдин уруксаты менен гана жолуга алат.

Ф.Ниязовдун аялынын арызын ИИМ бир ай караган. Арызы узарып кеткен соң, ал Акыйкатчы Токон Мамытовго арызданган. Акыйкатчынын кийгилишүүсү менен бүгүн жолукканы турат.

Эскерте кетсек, 10-августта Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап, ага Кылмыш кодексинин 244-беренеси (“Адамды барымтага алуу”), 264-беренеси (“Массалык башалмандык уюштуруу”) жана 43-беренеси (“Кылмышка катышуу”) боюнча айыбын угузуп, 8-октябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: