Бишкекте спорттун беш түрү (фехтование, сууда сүзүү, ат чабыш, ок атуу жана ат минүү) боюнча эл аралык мелдеш (турнир) өтө турганы тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, турнирге 18 мамлекеттин спортчулары келиши күтүлүүдө. Алар: Россия, Испания, Түркия, Латвия, Бразилия, Казакстан, Болгария, Италия, АКШ, Украина, Венгрия, Грузия, Япония, Финляндия, Гватемала, Жаңы Зеландия жана Таиланд. Кыргызстандан 12 (алты кыз, алты бала) адам катышат.
Мындай мелдеш эртең башталат. Турнир эл аралык класстагы спорт чебери, дүйнө чемпиону Юрий Хоришкого арналып, 27-29-сентябрда болот. Мелдештин максаты – жогоруда аталган спорттун түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу. Ошондой эле спорчулар Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн упай топтоо максатта да өткөрүлөрүн билдирди аталган спорт агенттиги.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ