Мындай маалыматты Америкада жашап, иштеп жаткан журналист, кесиптешибиз өзү таратты. Анын айтымында, ал качкын макамын алган эмес, аны алуу үчүн үч жылдан бери кезекте турган. Ошол эле учурда, ал грин-карта алуу үчүн да кагаз тапшырган.
“Жакында грин-карта утуп алдым. Эми качкын макамын албайм. Ал иш жабылат. Анын үстүнө Кыргызстанда дагы кырдаал өзгөрүп калбадыбы. Мен Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин учурунда куугунтукка алынгам», — дейт Адилет Айтикеев.
Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Адилет Айтикеев “Искра плюс” гезитин чыгарып турганда куугунталып, 2016-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен. Кызыгы, агасын куугунтуктаган адамды иниси, журналист Мирбек Айтикеев колдоп жүрдү. Ал Кой-Таштагы окуясынан кийин, Америкага качып кетип, агасынын жанында экени айтылган жана айтылып келет. Бирок, мындай маалыматты агасы четке кагып: «Мирбек кайда экенин билбейм, менин жанымда эмес, ал боюнча маалыматым жок», — дейт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ