Menu

Дастан Бекешев: “Айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин аброюна доо кетирет”

Бөлүшүү:

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлер үчүн жарандар менен иштерүү багытында семинарларды өткөрүп, аларды адамдарга кичипейил, маданияттуу мамиле жасоого, кызматтык этикага үйрөтүшү керек. Анткени, айрым бир мамлекеттик кызматкердин жарандарга жасаган орой мамилеси бүтүндөй бир мамлекеттин аброюна доо кетирет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Жарандардан мамлекеттик кызматкерлердин орой мамилеси тууралуу көптөгөн кайрылуулар түшүүдө. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Кыйынсынып дөөгүрсүгөн айрым кызматкерлер аларга орой мамиле жасап, кагып-силкип, сөгүп-сагып мекемеден кууп чыгат экен. Ырас, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы төмөн, бирок алар дал ошол жарандардын каражатына жашап жатканын эгерим эстен чыгарбашы керек», – деди депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: