Menu

Каныбек Исаков ОшМУда көрсөткөн кереметин министр катары кайталай алаар бекен?

Бөлүшүү:

Дүйнөнүн бардык мамлекеттери билимдүү, илимдүүлөрдүн ойлоп чыгарган өндүрүштүк ар кандай иш чараларынын натыйжасында, алардын ойлоп тапкан жаңы техника же болбосо мурдагы чыгарылган техникаларды модернизациялоолордун негизинде гана өлкө бай боло алат, тагыраак айтканда алардын чыгарган техникаларын башка дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер сатып алса – ал өлкөнүн бюджети бай, экономикасы күчтүү мамлекетке айланат. Ал эми жакшы жазган жазуучулардын чыгармаларын болсо мектептен баштап жогорку окуу жайларында студенттер окушат.

Дүйнөнүн экономикалык жактан алдыңкы өнүккөн мамлекеттери боюнча АКШ – компьютер, автокурулушу жана имараттарды куруу боюнча дүйнөнүн эң алдыңкы мамлекеттер катарын толуктайт, Япония, Германия – электрондук жана автокурулуш боюнча, Кытай, Индия, Пакистан – шелк, кездеме материалдарын чыгаруу боюнча, Канада, Россия, Түштүк Африка Республикасы – тоо кен рудалык алтын кенин казуу боюнча, Түркия, Италия – тоо кен рудалык эмес материалдар боюнча, Германия – геодезиялык жана медициналык жогорку тактыктагы оптика аспаптарды чыгаруу боюнча, Россия – жаратылыш жана табигат ресурстарын иштетүү боюнча, Араб мамлекеттери жана Ирак – нефть чыгаруу боюнча дүйнөнүн экономикалык эң өнүккөн мамлекеттер катарын толукташат. Ошондуктан экономикасы күчтүү мамлекеттерде кадрларды даярдоо да сапатту жолго коюлган.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын илим жана билим министрлигине партияга эптеп кирип алышып иш тажрыйбалары жок, практикалык жагынан да төп келбеген 30 жаштагы түрдүү кыз, келиндер иштеп келишти. Алардын кээ бири эл алдында туура эмес сүйлөгөн сөздөрүн эл күлкү катары кабыл алынып келген министрлерибиз да болбой койгон жок.

“Санжыра” борборунун жетекчиси катары ондогон Евразия мамлекеттеринде тарыхый-санжыра багытында көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүп, ал мамлекеттерден архивдик жана ар кандай тарыхый окуялар тууралуу көптөгөн тарыхый материалдарды чогултуп келүүдөмүн, ошол материалдардын негизинде республикабыздын бардык жогорку окуу жайларын атайы кыдырып, студенттер менен жолугушуп, атайы бир жылда бир лекция өткөрүп турам. Ошол иш сапарларымда көзгө көрүнүктүү иш жасап келген, университеттердин арасында тышкы демөөрчүлөр эсебинен жаңы окуу жай имараттарын курдуруп, студенттер үчүн жакшы шарт түзүп келген бирден бир жетекчи катары 2011-жылдан бери иштеп келген ОшМУнун мурдагы ректору Исаков Каныбек Абдуваситович болду деп баамдайм.

Каныбек Исаков жеке эле студенттерге заманбап билим берүү системасын өркүндөтүү менен чектелбестен, жаңы окуу жай имараттарын куруп, университеттин өз бюджети менен Ош облус райондоруна колледждерди ачкандыгына күбө болгом.

Каныбек Исаков “Түркия Диянет” фонду менен кызматташтык иштерди келишимдик негизде баштап, Борбордук Азия аймактары боюнча алгачкы теологиялык факультетти ачкан. Бүгүнкү күндө 600гө жакын студенттер атайы диплом алышып, учурда жылына 200гө жакын студенттер окушууда. Ал факультетте 30дан ашуун мугалимдер эмгектенип, жылына 70тен ашык студенттер Түркия өкмөтүнүн жардамы менен ар кайсы жогорку окуу жайларында окушууда, ушул иштерди уюштурууда бир тууган элдер башкармачылыгынын башчысы Кудрет Бүлбүл мырзанын эмгеги да зор. Ал эми Түркиядагы Кастамона университетинин ректору Абант Иззет Байсал Ошко келип, негизги 3 келишимдерди түзгөн: биринчиси – студенттер менен окутуучулардын иш жана окуу тажрыйбаларын алмашуусу, экинчиси – эки университет тарабынан дипломдуулук принцибинде Түркиянын да дипломун берүү, үчүнчүсү – азык-түлүк инженериясы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча адистерди ачууда – Сулейман Демирел атындагы Анадолу университети чыгыштан Малайзия, батыштан Англия менен катар магистрдик жана докторантура боюнча кызматташтыкты күчөтүү болуп саналат.

ОшМУ университети бүгүнкү күндө “Түркия Диянет” фонду, ТИКА кызматташтык агентствосу жана Кытай Эл Ресупубликасы менен да бир нече багыттарда иш алып барууда. Анын бир багыты – академиялык мобилдүүлүк багытта да окуу-тажрыйба иштерин алмашуу. Ал эми Мевлана менен студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба иш алмашуу программасы боюнча иштөө жолго коюлган. Анда Түркия өкмөтүнүн түрк тилдүү мамлекеттер менен жергиликтүү бийликтер менен бирдикте бул долбоорго колдоо алуу, университеттин долбоору менен консультант жана илимий-эксперттик жардам көрсөтүүлөрү каралган. Мевлана программасы Түркия мамлекети тарабынан каржыланып, ушул эле программа менен келечекте Европа мамлекеттеринин университтери менен да иш алып барууну жүзөгө ашыруу болуп саналат.

Бул жерден жалаң эле чет мамлекеттер менен окуу системаларын кандай өнүктүрүү жана өздөштүрүү багытында университетте иштебегендиктен учкай кеп кылдым. Ал эми капиталдык, орто же баштапкы ремонттор тууралуу кеп кылбай эле коёюн. Каныбек Исаков баш болгон ОшМУнун жааматы тарабынан же болбосо өз эсебинен, андан башка сырткы инвесторлор эсебинен курулуп жаткан жана келечекте курула турган жаңы заманбап имараттарды айтсак бир нече обьектилер, алар: ОшМУнун өз каражаттар эсебинен Өзгөн шаарында медициналык колледжи ачылган, эски иштебей калган имаратты сатып алышып, ремонттошуп, 2014-жылы октябрда жаңы 3 кабаттуу 150 орундуу жатакана, жанына спорт зал курушуп, колледждин айланасын жалпы көрктөндүрүү иштери толугу менен бүткөрүлүп ишке берилген, андан сырткары бир нече курулуш объектилери бүткөрүлүп бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат, алар:

– 2014-жылы 200 орунга ылайыкташтырылган чоң лекциялык жана 80 орундуу кичи лекциялык залдары, андан сырткары тиш дарылоо, рентген, залалсыздандыруу канаалар жана заманбап бор машиналар жайгашкан тиш дарылоочу поликлиникасы.

– 2000 студентке 7 адистик боюнча билим берүү үчүн 22 аудиториялуу, 3 кабаттуу финансы-юридикалык коледжи пайдаланууга берилген.

– 2016-жылы I кварталында Эл аралык медицина факультети курулуп, ишке берилген.

– Конфуций институту ишке берилип, азыркы күндө үзүрлүү иштөөдө.

– Эл аралык 4 кабаттуу медицина факультетинин окуу жай корпусу административдик корпусу менен, 4 кабаттуу искусство факультети жана интеллектуалдык корпустары ишке берилип, бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштөөдө.

Ушул аталган объектилеринин ичинен бир гана Конфицуй институту курулушу үчүн 1 млн.го жакын АКШ доллары сырткы инвестиция катары тартылган.

Андан сырткары ОшМУнун 280 млн. сом болгон бюджетин 9 жылдын ичинде 1,5 млрд. сомго чейин көтөргөн же салыштырганда Ош шаарынын борбордук бюджетине теңеген. Мындай Исаков Каныбектин университет боюнча алгылыктуу иштерин республикабыздын бир дагы жогорку окуу жайлары боюнча экономикалык көрсөткүчү жете албайт деген түшүнүктөмүн.

Билим берүү – бул коомдун өнүгүшүнүн негизги, өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Ушул себептен өлкө башчысы да бул тармакка өзгөчө маани бурушу зарыл.

Адамдардын, коомдун билимдүүлүгүнүн деңгээли гана тигил же бул өлкөнүн күчтүү мамлекет экендигин тастыктайт. Мына ушул олуттуу маселенин алкагында ОшМУнун Каныбек Исаков жетектеп келген ректораты жана профессордук-окутуучулар жааматы сапаттуу билим берүү социалдык гана эмес, саясий да мааниси зор экендигин жакшы билишет го деп ойлойм.

Акырында айтаарым, урматтуу Сооронбай Шарипович, ушул жолу КРнын өкмөт мүчөлөрүнүн бири болгон КРнын илим жана билим министрлигине чыныгы татыктуу кадрды алып келди деп баалайм, Исаков Каныбектин министрлик иши байсалдуу болсун, ОшМУнун ректору болуп тууганда анын рейтинги кыйла жогорулады, көптөгөн жаңы имараттарды салдырды, окуу системаларын заманбап негизде жаңылантты, өзүн реформатор жетекчи катары көрсөттү, эми ошол иштерин республикалык масштабда дагы мындан ары министр катары көрсөтө адат жана республикабыздын калган аймактарында ушул багытта орчундуу иштерди жүргүзөт, ошондой эле мектеп окуучуларын окутууда жана жогорку окуу жайларында кыргыз кадрларын бардык тараптуу багытта даярдоодо да алгылыктуу иштерди жасайт деген үмүттөмүн.

Асылбек Оморов, “Санжыра” борборунун директору, тарых жазуучусу, профессор

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: