Menu

Месси алтынчы ирет дүйнөнүн мыкты футболчусу

Бөлүшүү:

Испаниялык “Барселона” жани Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси Эл аралык футбол бирикмесинин версиясы боюнча жылдын мыктысы аталды.

Месси ушуну менен алтынчы ирет (2009, 2010, 2011, 2012, 2015-жылдары) сыйлыкты жеңип алды. Бул жылы эң жогорку сыйлыкка португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду, “Ливерпулдун” жана Голландия курама командасынын чабуулчусу Вирджил ван Дейк дагы көрсөтүлгөн эле. The Best FIFA Football Awards 2019 сыйлыгын тапшыруу аземи миландык “Ла Скала” театрында өттү. 32 жаштагы Месси өткөн жылдагы сезондо 58 оюнда 54 гол киргизди. Испан чемпионатында 34 оюнда 36 гол киргизип, Европанын “Эң мыкты чабуулчусу” наамын утуп алган. “Барселона” өткөн жылы Испания чемпионатын жеңип алып, Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Ливерпулга” утулуп калган.

Аргентина болсо, Америка кубогунда жарым финалда Бразилияга утулуп калып, коло медалга ээ болду.

ФИФА 1991-жылдан баштап сыйлыктарын берип келе жатат. 2010-жылдан 2015-жылга чейин Эл аралык футбол бирикмеси жана France Football журналы “Алтын топ” сыйлыгын тапшырып келди. 2016-жылы бул кызматташтык токтоп, ФИФА жана  France Football өзүнүн жеке сыйлыктарына кайтып келди. 2008-жылдан тарта Дүйнөлүк футбол уюмунун бул беделдүү сыйлыгын эки гана оюнчу – Криштиану Роналду менен Лионель Месси алып келген. Алар 2008-жылдан баштап беш жолудан сыйлыкка ээ болушкан. Соңку он жыл аралыгындагы Месси менен Роналду ортосундагы “Алтын топ” үчүн күрөштү үчүнчү атаандаш утуп кеткен учур былтыр болду. Мадриддик “Реал” клубунун жана Хорватия курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич мыкты адалган эле. Кыз-келиндер арасындагы мыкты футболчу деп, АКШ курама командасынын оюнчусу Меган Рапино табылды. Ал эми мыкты машыктыруучу катары Юрген Клопп менен америкалык кыз-келиндер курамасынын жетекчиси Жилл Эллис табылды. Өткөн сезондо “Ливерпуль” Чемпиондор лигасын утуп алса, АКШнын кыз-келиндер курамасы дүйнө чемпиону болушту.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: