Menu

Элчи Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Өнөр-жай жана технология министри менен жолугушту

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү, 23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ТРнын Өнөр-жай жана технология министри Мустафа Варанк менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын өнөр-жай жана технология тармагындагы кызматашуусунун маселелерин талкуулашты. Түркиянын өнөр-жай тармагындагы чоң тажрыйбасын эске алап, Элчи К.Омуралиев Министр М.Варанкты Кыргызстанда жаңы технологиялар менен өндүрүш аянттарын ачууга көмөк сурады.

Тараптар Түркиянын илимий-техникалык изидөөлөр боюнча Кеңеши (ТҮБИТАК) менен КРнын тийиштүү органынын биргелешкен изилдөө иштерин алып баруусу боюнча жана кыргыз өндүрүш секторунун өкүлдөрүнүн ТРна, Анкара Технопаркы менен таанышуу үчүн сапарын уюштурууну макулдашышты.

Инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүш аянттарны ачуу максатында Элчи К.Омуралиев М.Варанкка КРдагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жана климат, бизнес жүргүзүүнүн шарттары (төмөн салыктар жана бизнес жүргүзүү боюнча чыгымдар), өлкөбүздүн экономикалык өнөктөштөрү жана тышкы соода-сатыгынын көлөмү, ЕЭБдеги КРнын мүчөлүгү жана ВСП+ статусу жөнүндө маалымат берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: